Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 5-февралдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде оорудан дагы эки киши каза болду. Алардын бири Баткенде, экинчиси Бишкекте катталды.
Расмий эсеп боюнча вирус дагы 88 кишиден жаңы аныкталды.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 920 адамды түздү. Анын 81 440ы сакайган. Бир күндө 110 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Пандемияда вирустан кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1420 кишини түздү.
18-августка чейин андан жалпы 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып келген. Бирок бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.
Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 511 бейтап стационарда, 608 киши үй шартында дарыланууда.
Кыргызстанда 7-февралга карата дагы 79 адамдан коронавирус жугуп, эки бейтап көз жумду.
Илдетке каршы Республикалык штаб кабарлагандай, оору жуккандардын саны расмий 85 071ге, өлгөндөр 1426га жетти.
Ооруга чалдыккандардын арасынан 81 635и сакайды. Акыркы бир суткада 93 бейтап айыкты.
Коронавирус Чүй облусунда, Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда көп жайылууда. Нарында да көбөйө баштады. Акыркы суткада Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында илдет жуктургандар аныкталган жок.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 2019-жылдын аягында Кытайда аныкталган коронавирус дүйнөдө 106 миллионго жакын кишиге жугуп, 2 миллион 300 миңден көп адамдын өмүрүн кыйды.
Илдетке каршы бир канча вакцина түрдүү мамлекеттерде колдоно баштады. Эл аралык COVAX ппрограммасынын алкагында Кыргызстанга берилчү вакциналар мартта келери расмий айтылган.
Дүйнөдө корнавирустун жаңы түрлөрү жайылып, COVID-19 пандемиясы уланууда. Европада жана башка бир катар мамлекеттерде карантин чаралары катаал бойдон сакталып келатат.
Кыргызстанда күнүгө ондогон адамдан вирус аныкталып, бейтаптар өлүп жатканына карабай эл көп чогулган иш-чаралар, той-аштар уланууда. Беткап тагынып жүрүү эрежеси да көзөмөлдөнбөй калган.
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза тапты. 42 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1431 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 113 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны - 81 714.
Стационарда 459 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 118 адам оор абалда, 31 киши өтө оор абалда жатат.
Амбулатордук дарыланууда 572 бейтап бар.
8-февралда беш медицина кызматкеринин арасынан коронавирус жугузуп алган учур катталды.
Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4187 болду, алардын 4102си айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты.
Кыргызстанда 28 бала Кавасаки синдромуна шек саналып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 9-февралда "Азаттык" радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.
Узакбаевдин айтымында, алардын ичинен 15инин диагнозу такталды:
"Тилекке каршы, жайында коронавирус менен симптомсуз, жеңил формада ооруп, суук түшкөндө постковиддик синдромго чалдыккан балдар болууда. Алардын арасында Кавасаки синдрому менен ооругандар да бар. Бактыга жараша, баары оорудан айыгып чыгууда".
9-февралга карата өлкөдө 150дөн ашуун бала ооруканада пневмония диагнозу менен дарыланууда. Алардын жыйырмадан ашууну оор абалда жатат.