Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

11:29 13.2.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 13-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Чүй облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1441 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 43 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (20 адам).

Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 85 441 кишиге жетти.

Бир күндө 86 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 425 адам жатат, дагы 457 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4195 адамга жетти, алардын 4117си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

22:13 13.2.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуп кетсе бардык медициналык мекемелердин ишин жөнгө сала турган планын иштеп чыгышы керек. Мындай талап 13-февралда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өткөргөн жыйынында коюлду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында республика боюнча коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы жалпысынан жайлап баратканы, ооруну жугузуп алгандарга караганда айыгып чыккандар көбүрөөк болуп жатканы, бирок дүйнөдө мутация болгон вирус аныкталганы жана ага каршы туруунун бардык чаралары көрүлүшү керектиги айтылды.

11:02 14.2.2021

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 14-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул вирус 34 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 85 475 кишиге жетти.

Бир күндө 69 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 424 адам жатат, дагы 421 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4196 адамга жетти, алардын 4118си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.

13:46 16.2.2021

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-февралдагы брифингде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Европа өлкөлөрүндө коронавирус басаңдап калды. Орусияда акыркы бир айдын ичинде ооруну жуктургандар эки эсе азайып, Казакстанда буга чейин бир суткада 1500 кишиден илдет аныкталып жатса акыркы күндөрү 686га чейин түштү:

«Ошол эле учурда биздин республикада абал туруктуу болуп жатат. Бирок дагы деле лаборатория жол менен тастыкталып жаңы учурлар катталууда. Демек, алдын алуу иштерин токтотуунун кажети жок. Режимди сактап турушубуз керек».

Саламаттык сактоо министрлигинин эсеби боюнча 16-февралга карата коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 444 кишиге жетти.

Оору жуккандардын жалпы саны 85 564 адам. 82 391 киши оорудан айыкты.

Азыр ооруканада 420 адам жатат, алардын 115нин абалы оору, 29у өтө оор абалда. 372 бейтап үйдөн дарыланууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG