АКШда коронавирус инфекциясынан каза болгондор 500 миңге жеткени үчүн өлкөнүн туулары беш күнгө түшүрүлдү.
Президент Жо Байден, вице-президент Камала Харрис үй-бүлөсү менен Вашингтондо аза күтүү мүнөтүн өткөрүштү.
Байден элге кайрылуу жасап, пандемия менен күрөштө бет кап кийип жүрүү, тазалыкты сактоо маанилүү экенин белгиледи. Бир жыл ичинде оорудан каза болгондор Биринчи, Экинчи дүйнөлүк жана Вьетнам согуштарында курман болгондордун санынан ашып түшкөнүн айтты.
Мамлекеттик жана федералдык мекемелерге туулардын баарын түшүрүү буйругу берилди.
Байден өз кайрылуусунда пандемиянын кесепетинин мындай оор болушуна туура эмес маалымат таратуу саясаты себеп болгонун айтып, мындан ары оору менен күрөшүү бирдиктүү улуттук стратегияга айланарын баса белгиледи.
АКШда коронавирустан каза болгондордун саны дүйнөдөгү көрсөткүчтүн 20% барабар. Оору жуккан жана каза болгондордун саны боюнча Кошмо Штаттары дүйнөдө биринчи орунда турат.
22-февралда бул өлкөдө коронавирустан каза болгондор 500 миңге жеткени кабарланды.
Ал эми Украина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын ала баштады.
23-февралда өлкөгө бул компаниянын 500 вакцинасы жеткирилип, жүктү Киевдеги Борисополь аба майданында тосуп алышты.
Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов «Фейсбуктагы» баракчасына бул тууралуу маалымдап, чукул арада өлкөнүн аймактарында эмдөө иштери башталарын айтты.
«AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын Оксфорд университети иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тастыктаган.
Аны менен калкын эмдөөгө Британия, Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жана Индия уруксат берген.
Кыргызстан дагы ушул компаниянын вакцинасын тандап, эмдөө март айында башталарын кабарлаган. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мындан тышкары Орусиянын «Спутник V» вакцинасын каттаганы кабарланды.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен үч адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Ысык-Көл облусунун, экинчиси Бишкек шаарынын тургундары болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1463 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (27 адам) жана Чүй облусунда (24 адам).
Ошентип, өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 091 кишиге жетти.
Бир күндө 68 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 358 адам жатат, дагы 328 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4203 адамга жетти, алардын 4166сы айыгып чыкты.
Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы COVID-19 илдетинен натыйжалуу коргой алары маалым болду.
Бул тууралуу АКШнын Тамак-аштын жана дары-дармектин сапатына көз салган башкармалыгы 24-февралда билдирди.
Мекеме ошондой эле аталган вакцина коопсуз экенин, илдеттин оор түрлөрүнө каршы 85%, ал эми жеңил формаларына каршы 66% туруштук бере аларын кабарлады. Эми иликтөөнүн жыйынтыгын көз карандысыз адистер талкуулап чыгышкан соң, АКШда бул вакцина менен эмдөөгө уруксат берилери күтүлүп жатат.
Буга чейин Кошмо Штаттарда «Модерна» жана Pfizer-BioNTech компанияларынын вакциналарын саюуга уруксат берилген.
Johnson & Johnson компаниясынын вакцинасы башкалардан айырмаланып, бир эле доза сайылат жана кадимки муздаткычта сакталат. Британияда жүргүзүлгөн соңку иликтөөлөр Pfizer-BioNTech вакцинасынын эки дозасы да организмде коронавируска каршы күчтүү иммунитет жаратарын көрсөттү. Мындай жыйынтык эмделген жарым миллион адамга жүргүзүлгөн байкоолордон кийин чыгарылды.
Ошондой эле Pfizer-BioNTech вакцинасынын биринчи дозасы да илдеттин оор формасына туруштук бере алары белгилүү болду.
Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы окуучулардын ата-энелерине кайрылып, мектептерди толук ачуу маселесин чечүү үчүн убакыт керектигин, ага чейин чыдамкайлык талап кылынарын балдарга түшүндүрүүнү өтүндү.
27-февралда мекеменин басма сөз кызматы окуучулар аралыктан окууга каршы нааразылык акциясын уюштурууга камынып жатышканы тууралуу маалымат бар экенин билдирди.
Маалыматта мэрия "онлайн окуунун балдар үчүн да, ата-энелер үчүн да оордугун түшүнүп турганын, бирок балдардын ден соолугу, алардын коопсуздугу биринчи орунда экендигин" билдирди.
Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күндө борбор калаада эки мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылып турат.