Кыргызстанда коронавирустан абалы оорлоп, ооруканага түшкөндөр көбөйүүдө. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын 17-апрелдеги маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ооруканада жаткандардын 3,3% абалы өтө оор деп мүнөздөлүп жатат.
Азыр ооруканаларда 1130 бейтап жатат, алардын 26сынын абалы канааттандырарлык.
Калгандарынын абалын дарыгерлер орточо оордукта, оор жана өтө оор деп үч түрдүү баалап жатышат.
287 бейтаптын абалы оор, алар COVID-19 менен жаткандардын 25,3% түзүүдө. Эки апта мурда бул көрсөткүч 19,8% болчу.
Өтө оор абалдагылар 38 адам. Алар ооруканада жаткандардын 3,3%
Коронавирус жуккан кыргызстандыктардын жалпы саны 92 миңге жетти, алардын 1546сы каза болду.
Бишкекте дагы үч мектеп окуу процессин убактылуу онлайнга өткөрдү. Бул тууралуу 17-апрелде мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуучулардын жана мугалимдердин саламаттыгы үчүн №24, №17 жана №67 мектептер азырынча онлайн иштейт. Жалпысынан бул үч мектепте төрт окуучуда жана бир педагогдо COVID-19 табылды.
Буга чейин борбор калаада сегиз мектеп жана эки бала бакча убактылуу онлайнга өткөн. Коронавирус аныкталган 19 мектеп ишин улантууда, алардагы 26 класс онлайн окуп жатат.
Мектептерди аралыктан иштөөгө толук өткөрүү же өткөрбөө маселеси коронавируска чалдыккан окуучу же мугалим менен контакт болгондордун санына жараша чечилерин, чечимди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери кабыл алышарын мэрия 14-апрелде билдирген.
Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай ыкмада окуу башталган.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандард көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө. Бул оору жалпысынан 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.
Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар.
COVAX эл аралык программасынын алкагында Кыргызстанда 423 миң шприц жана колдонулган медициналык каражаттарды коопсуз шартта жок кылуу үчүн 3825 даана куту келди.
Бул коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзүү алкагындагы глобалдык жардамдын биринчи партиясы экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 20-апрелде кабарлады.
COVID-19 илдетине каршы вакцинаны Кыргызстанда ишке ашырууда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, "ЮНИСЕФ", CEPI, GAVI эл аралык уюмдары өнөктөштүк кылууда.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлүүдө. Бээжин Бишкекке 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина жөнөткөн.
Министрлик жакында "AstraZeneca" вакцинасынын 405 миң дозасы келерин билдирген.
Бишкек Москвадан да 1 млн. доза "Спутник V" вакцинасын сураган. Жакынкы күндөрү каталган дарынын 30 миң дозасы келери кабарланган.
Кыргызстанда 20-апрелге карата дагы эки бейтап коронавирустан көз жумду. Илдет соңку бир суткада дагы 225 адамдан аныкталды. Мурда ооругандардын 173ү сакайды.
COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдан кабарлашкандай, көз жумгандардын бири Бишкекте, экинчиси Чүй облусунда.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий саны 92 320 адамга жетти. Алардын 87 229у айыгып, 1557 бейтап ажал тапты.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус пандемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрда көз жумгандар катталбай калган.
Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, кышында илдетти жугузуп алгандар кыйла азайган. 2021-жылдын март айынан бери ооругандар жана каза болгондор кайра көбөйдү. Адистер оорунун болжолдуу үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келерин айтышкан.
Оору менен күрөшүү учурунда коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны төрт жарым миңге чамалайт. Алардын жүздөн ашууну каза болду.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын "SinoPharm" вакцинасы менен башталган. Расмий маалыматка ылайык, ушул күнгө чейин он миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү.
Уу коргошунга ууланды деген божомол менен бир бейтап ооруканага түштү
Бишкекте уу коргошундун тундурмасына (Ысык-Көл тамыры же аконит затына) ууланды деген божомол менен бир адам Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылды.
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борбору бейтап 63 жаштагы эркек экенин билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда ал уу коргошундун тундурмасын ичкен.
"Азаттыкка" бул маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборундагы ишенимдүү булактар тастыктап, ууланган бейтаптын абалы начар экенин айтышты.
15-апрелде президент Садыр Жапаров дарыгерлер коронавирустан "бир же эки күндө айыктырып жибере турган дары" таап алышканын "Фейсбукка" жарыялаган. Аны менен кошо бир нече киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө кайнатманы куюп жатканы тартылган видео жарыяланган. Видеодогу бөтөлкөлөрдө "уу коргошун" деп жазылган эле.
16-апрелде саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген. Министрдин бул сөзү медицина тармагындагы эксперттердин жана жарандык коомдун кескин сынына кабылган. Жогорку Кеңештин тармактык комитети "кыргыз медицинасын кадыр-баркына шек келтирди" деген жүйө менен өкмөткө министрди кызматтан алууну сунуштаган.
"Фейсбук" компаниясы президент Жапаровдун постун өчүрүп салган. Президенттин басма сөз кызматы постту өчүрүүгө сырттан кийлигишүү болбогонун билдирген.