Коронавируска каршы эмдөөдөн жалпы 13 552 адам өткөнү маалым болду, анын 178и вакцинаны экинчи жолу алганын COVID-19га каршы штабдан кабарлашты.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандардан төрт штамм, тактап айтканда, британиялык (жаңы штамм), индиялык (жаңы вариант), түштүк африкалык (эски вариант) жана орусиялык түрү аныкталганын билдирди. Бул тууралуу 22-апрелде мекеменин сайтында кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык бейтаптардын анализдери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Референс-лабораториясында жана Орусиянын Вирусология жана эпидемиология боюнча мамлекеттик илимий «Вектор» борборунда текшерилип, корутундулар ошол жерде чыккан. Анализдер ушул жылдын 26-мартында жөнөтүлгөн.
Буга байланыштуу министрлик калкты беткап тагуу, социалдык аралыкты сактоо, антисептиктерди колдонуу сыяктуу санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат. Илдеттин симптомдору аныкталган учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же 118 номерине чалуу керектиги эскертилет. Бейтап өз алдынча дарыланбашы керек.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 380 кишиден (U07.1 жана U07.2) аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. 22-апрелге карата илдет 93 006 кишиге жукту. Анын 87 554ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1566 адам кайтыш болду.
Окуучулардын арасында COVID-19 менен ооругандар катталгандыктан Бишкек шаарында 15 мектеп толугу менен онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясына караштуу Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, дагы 14 мектепте айрым класстар аралыктан окуп жатат.
Акматова ырастагандай, учурда шаарда 45 окуучу жана 24 мугалим COVID-19 илдети менен ооруп жатат.
Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай салттуу ыкмада окуу башталган.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандар көбөйүүдө. Алардын көбү Бишкек менен Чүйдө. Бул оору жалпысынан 93 миңден ашуун адамга жукту, алардын ичинен 1,5 миңдей бейтап каза болду.
Бишкекте муниципалдык 97 орто мектеп бар.
Индияда 22-апрелде катталган бул көрсөткүч 1,3 миллиард калкы бар өлкө дүйнөдө илдет жугузуп алгандардын санына карап глобалдык пандемиянын чордонуна айланганын көргөздү.
Индияда соңку бир күндө 2104 бейтап ажал тапты жана бул кезектеги антирекорд болуп калды.
Ооруканаларда орун жетишпей, өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар менен дары-дармектердин таңкыстыгы кабарланды.
Жергиликтүү медиа медициналык каражаттарды карактоо фактылары катталып, кислород баллондорун уурдаган учурлар тууралуу жазышты.
Ошентип, калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Индияда коронавирус илдетин жугузгандардын расмий саны 15,9 миллион адамдан ашты, жалпысынан 185 миң бейтап ажал тапты. Бирок көз карандысыз байкоочулар расмий сандар азайтылып айтылып жатканын белгилешет.
Reuters менен Financial Times басылмаларынын маалыматына караганда, Индиянын ири шаарларындагы крематорийлерде ооруканалардан ташылып келинип, сөөктөрү өрттөлгөндөрдүн саны COVID-19 илдетинен көз жумгандардын расмий санынан бир топ эсе ашып кеткен.
Индиянын Нью-Дели, Мумбай сыяктуу ири шаарларына кирип-чыгуу чектелди жана карантин чаралары күчөтүлдү. Соңку жагдайдан улам бир катар өлкөлөр Индия менен аба каттамдарын убактылуу токтотту.