Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

12:52 2.5.2021

COVID-19 илдетинен бир жумада 30дай өмүр кыйылды.

  • 26-май: 199 адамдан табылды, 2 адам каза тапты;
  • 27-май: 247 адамдан табылды, 5 адам каза тапты;
  • 28-май: 322 адамдан табылды, 3 адам каза тапты;
  • 29-май: 345 адамдан табылды, 6 адам каза тапты;
  • 30-май: 331 адамдан табылды, 6 адамдан каза тапты;
  • 1-май: 477 адамдан табылды, 8 адамдан каза тапты;
  • 2-май: 308 адамдан табылды, 7 адамдан каза тапты.
12:53 2.5.2021

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) америкалык Moderna компаниясынын вакцинасын коронавирусту дарылоодо сунуш кылынган препараттарын тизмесине киргизди.

Бул жалпысынан уюм сунуш кылган бешинчи, ал эми америкалык компаниялардын үчүнчү вакцинасы.

Тизмеде АКШнын Pfizer/BioNTech жана Jannsen (Johnson & Johnson компаниясынын бөлүмү), британ-швециялык AstraZeneca жана анын Индияда иштеп чыгарылган варианты бар.

БУУ Кытай жана Орусиянын бир дагы вакцинасын сунуштай элек.

Коронавирус пандемиясы 2019-жылы ноябрда Кытайда башталган. Балтимордогу Жон Хопкинс университетинин эсебинде, 1-майга карата дүйнөдө оору жугузуп алгандардын жалпы саны 151 миллион 500 миңди түздү. 3 миллион 182 миң каза болду.

Эсеп мамлекеттердин расмий бийликтеринин маалыматтарына таянып чыгарылууда. Айрым өлкөлөрдө вирус жугузуп алган жана андан каза болгондордун чыныгы эсеби жаап-жашырылышы мүмкүн.

13:05 2.5.2021

Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүнкү, 2-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада вирустан жети киши көз жумду.

Каза болгондордун төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ошто катталды. Муну менен COVID-19 илдетинен каза тапкандардын саны 1619га жетти.

Акыркы суткада 308 кишиден вирус жаңы аныкталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 96 060 адамга жетти.

Бир күндө 258 адам сакайды. Учурда 1496 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 78инин абалы өтө оор.

Коронавируска кабылгандар Бишкек шаарында көбөйүп жатканына байланыштуу кошумча стационарлар ачылары айтылган. Ага жараша медиктердин мобилдик бригадаларынын саны да көбөйөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө март айында Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы менен башталган. 22-апрелде өлкөгө Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келип, Бишкек, Чүй облусундагы 65 жаштан улуу, өнөкөт оорусу барлар эмделип жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, эл аралык COVAX программасынын алкагында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму уруксат берген "AstraZeneca" вакцинасынын 400 дозасы келери күтүлүп жатат.

Коронавируска каршы республикалык штабдык маалыматына караганда, 1-майга карата өлкө боюнча 29 948 киши COVID-19 вирусуна каршы эмделди.

14:13 3.5.2021

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап көз жумду. Дагы 277 адамдан оору жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын арасынан 202 киши айыкты.

Республикалык оорулардын алдын алуу борборунун вирусологу Зуридин Нурматов 3-майда билдиргендей, соңку суткада илдет аныкталгандардын 94% көбү Бишкек шаарына туура келет. Андан кийинки орунда Чүй облусу турат.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1622ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 337, айыккандар 89 921 кишини түздү.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 3-майга карата 30 минден ашуун киши вакцина алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG