Коронавирус жугузгандар жана андан каза болгондор көбөйдү
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы жети бейтап жумду. Алардын үчөө Бишкекте, үчөө Ысык-Көлдө, бир киши Ошто.
5-майга карата 397 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 248 киши айыкты.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1637ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 96 958, айыккандар 90 394 кишини түздү.
Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, 1-майдан 5-майга чейин эле 30дан ашуун бейтап жашоо менен кош айтышты.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 33 миңден ашуун киши вакцина алды.
Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.
"Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин башкы дипломаттары 5-майда Лондондогу саммитте бир катар эл аралык көйгөйлөр менен кошо коронавируска каршы вакцина маселесин талкуулаганы турат.
Үч күндүк саммитке Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШнын тышкы иштер министрлери катышууда.
Бул өлкөлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө вакцинаны туура бөлүштүрүүнү көздөгөн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасына басым жасашууда.
"Менимче, COVAX механизми мындай абдан сезимтал учурда дүйнөдөгү өнүгүп келе жаткан, жакыр жана абдан аярлуу өлкөлөр үчүн маанилүү", - деп билдирди 4-майда Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб.
Буга чейин АКШ бул программага 4 млрд. доллар бөлүүнү убада кылган. Кыргызстан COVAX программасы аркылуу "AstraZeneca" (Улуу Британия) вакцинасынан 2 млн. 600 миң доза алары кабарланган.
"Чоң жетинин" тышкы иштер министрлери акыркы эки жылдан ашык убакыттан бери биринчи жолу бетме-бет жолугушууда. Лондондогу саммитке Австралия, Индия, Түштүк Корея жана Түштүк Африканын расмий өкүлдөрү конок катары чакырылган.
Соңку бир күндүн ичинде коронавируска каршы 3,5 миңден көп жаран эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Ага ылайык, вакцина алгандарын саны 5-майга карата 36 миң 364 адамды түздү.
Президент Садыр Жапаров 5-майдагы коомчулукка кайрылуусунда Кыргызстан изоляцияда калбашы үчүн жарандар коронавируска каршы вакцина алууга тийиш экенин айтты.
"Калкты эмдөөдөн өткөрбөсөк, пандемия шартында жарандардын ары-бери каттоосуна бөгөт болгон маселеге айланат", - деди Жапаров.
Өлкөдө коронавирус пандемиясында жалпысынан оору 97 миңдей адамга жугуп, 1600дөн көп бейтап мерт болду.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат.
Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алардын баары Бишкекте.
Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-майга карата дагы 320 адамдан оору аныкталды. Мурда сыркоолгон 217 киши айыкты.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1640ге жетти. Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 97 278, айыккандар 90 611 кишини түздү.
Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 36 миңден ашуун киши вакцина алды.
Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.