Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:15

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

17:51 14.5.2021

Орусиянын борбору Москвада өткөн суткада 4 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул быйыл январдан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир күндө 60 бейтап каза болду.

Орусияда болсо соңку суткада 9500дей киши вирус жугузуп алганы белгилүү болгон. Бул 20-марттан берки максималдуу көрсөткүч. Дарыгерлер мындай тенденция май айындагы майрамдар учурунда көпчүлүк көчөгө чыгып, коомдук транспортту колдонгону себеп болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 миллиондон ашык адам вирус жугузду. Каза болгондордун расмий саны 115 миңден ашты. Медиктер жана демографтар оору жугузгандар жана каза болгондордун чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн экенин айтууда.

11:10 15.5.2021

Коронавирус алгачкы аныкталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны расмий 100 249 адамга жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 15-майдагы маалыматына ылайык, жалпы 93 302 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери вирустан 1695 адам көз жумду.

Акыркы суткада 404 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкекте – 294, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 2, Таласта – 1, Нарында – 9, Ысык-Көлдө – 20, Жалал-Абадда – 9 адам ооруга чалдыккан. Баткен облусунда коронавируска чалдыккандар расмий катталган жок.

15-майга карата оорудан 349 адам сакайып чыкты. 8 адам көз жумду, анын ичинен төртөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Талас облусунда.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккан алгачкы үч адам 2020-жылы 18-мартта аныкталган. Былтыр июнь-июль айларында вирустун жугуу темпи жогорку чекке жетип, илдеттен көз жумгандардын саны кыска аралыкта кескин көбөйгөн.

Ооруканаларда орун табылбай, дарыканада кезек күткөндөрдүн саны көбөйгөн. Ыктыярчылардын жардамы менен жер-жерлерде күндүзгү стационарлар иштей баштаган.

13:22 15.5.2021

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 161,9 млн. адамды түздү. 3 млн. 357 642 киши көз жумду.

COVID-19 вирусун жуктургандардын саны жагынан алдыңкы орунда АКШ турат. Америкада 32 млн. 894 739 адам илдетке чалдыккан. 585 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Экинчи орунда турган Индияда 24 млн. 372 907 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланууда. Өлкөдө 266 207 адам илдеттен көз жумду.

Ал эми Бразилияда жалпы ооруга чалдыккандардын саны 15 млн. 519 525 адамга жетти. 432 628 киши вирустан каза болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясынан быйылкы курмандыктар былтыркыга караганда арбын болорун эскертти.

11:24 16.5.2021

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 16-майда 224 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды.

Алардын ичинен:
Бишкекте -150
Ош шаарында -3
Чүй облусунда - 41
Ош облусунда - 2
Талас облусунда - 2
Нарын облусунда - 6
Ысык-Көл облусунда - 18
Жалал-Абад облусунда - 2.

Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын расмий саны 100 473 адамга жетти. 93 602 адам илдетти жеңип, сакайып кетти.

16-майга карата коронавирус илдетинен 8 адам көз жумду. Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда жана бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Жалпы пандемия учурунда коронавирустан көз жумгандардын саны 1703 адамга жетти.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG