Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1735 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 298 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (170) жана Чүй облусунда (69).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 878 адамга жетти.
Бир күндө 311 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1551 адам жатат, дагы 2459 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кырдаалга байланыштуу Бишкекте жана Ошто коронавируска каршы эмдөө пункттарынын айрымдарынын иш убактысы узартылды. 21-майда Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Бишкекте төрт бейтапканада эмдөө эртең мененки 8де башталып, саат 23кө чейин уланат, калгандары саат 17ге чейин иштейт.
Буга чейин эмдөө бөлмөлөрү саат 9да ачылып, 16га чейин иштеп жаткан.
20-майдан тартып Бишкектеги Студенттик поликлиникада да коронавируска каршы эмдөө бөлмөсү ачылып, ал саат 15тен 23кө чейин иштеп жатат.
Бишкекте коронавирустун вакцинасын иш күндөрү 23 пункттан, Ошто 12 пункттан алса болот.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнүн биринчи фазасынын алкагында 64 миңден ашуун адам эмделгенин 18-майда “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирген.
Түштүк Кореянын BS Group компаниясы Бишкекте коронавирусту аныктоочу ПЧР-лаборатория ачууда. Бул тууралуу 21-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолугушууда компаниянын жетекчиси Пак Хё Рин билдирди.
Анын айтымында, ABDSIO Lab деп аталган бул лабораторияда бир күндө 14 миң адам ПЧР тест тапшыра алат, жыйынтыгы бир саат ичинде даяр болуп турат.
Марипов менен кореялык ишкердин жолугушуусунда гидроэнергетика, медицина, фармацевтикалык өндүрүш, магнит карталарын жана төлөө жабдыктарын жасоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.
Кыргызстанда коронавирустан 1,7 миңден ашуун адам каза болду, оору жуккандардын расмий саны 100 миңден ашты. Илдетти аныктоо үчүн бейтаптар жеке жана мамлекеттик лабораторияларга кайрыла алышат.
Аргентинанын президенти Альберто Фернандез бул жылы алгачкы жолу чектөөлөр киргизилерин жарыялады.
«Пандемия башталгандан берки эң жаман маалда жашап жатабыз. Бул кырдаалды олуттуу кабыл алыңыздар», - деп эскертти Фернандез. 22-майдан 31-майга чейин кирген карантин чектөөлөрү социалдык, бизнес, билим берүү, дин жана спорт тармагына тиешелүү.
Бийлик чектөө менен коронавируска кабылгандардын жана оорудан өлгөндөрдүн санын ооздуктап калууну көздөп жатат.
Түштүк Америкада жайгашкан бул мамлекетте COVID-19га жалпы 3,4 миллион адам чалдыгып, алардын 72 миңден көбү көз жумган.
Президенттин айтымында, алдыдагы бир нече күничинде «Спутник-V» жана «Asrta Zeneca» вакциналарынын 4 миллиондой дозасы келери күтүлүп жатат.
Ал арада Канаданын Онтарио провинциясында тышта он адамга чейин жүрүүгө уруксат берилди. Өлкөдөгү калкы жыш бул провинцияда үчүнчү толкун башталган апрель айынан бери баары жабылган.
Бишкектин Ленин райондук ооруканасынын башкы врачы Нурлан Галбаев вакцина чырына байланыштуу иштен кетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче Галбаев коронавируска каршы вакцинанын миңге жакын дозасынын жарактан чыгышына жоопкер болгон.
Маалыматка ылайык, 30-апрелде вакцина сакталган муздаткыч өчүп калган. Мунун айынан Орусиядан келген "Спутник V" вакцинасынын миңге жакын дозасы жарабай калган. Буга байланыштуу министрликте атайын комиссия түзүлүп, иштин жагдайын 20 күн иликтеген.
“Азыр вакцина алтындан да кымбат болуп турат. Башкы врачтын шалаакылыгы болбогондо биз 1000ге жакын кишини эмдеп, вирустун жайылышын бир аз да болсо ооздуктайт элек. Комиссия башкы врачты иштен кетирип, зыяндын ордун толтурсун деген чечим чыгарды. Бул ишти азыр прокуратура иликтеп жатат”, - деди Бейшеналиев.
Бирок "Кактус медиа" маалымат сайты байланышканда Нурлан Галбаев бул ишке тиешеси жоктугун, министрлик менен соттошууга аргасыз экенин айткан.
Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө март айынын соңунда башталган. "Спутник V" вакцинасынан 20 миң, Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынан 75 миң доза келген.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 308 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 332 киши сакайып чыкты.
Акыркы бир суткада сегиз бейтап каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Нарында, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1743 кишиге жетти.
Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 139 бейтап жашоо менен кош айтышкан.
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 186 киши вирус жугузуп алды. Анын 95 446сы сакайды.
Учурда 1521 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 73 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.