Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, төртөө Чүйдө катталды.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1830 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 371 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (169) жана Чүй облусунда (91).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 105 840 адамга жетти.
Бир күндө 299 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1662 адам жатат, дагы 1847 бейтап үйдөн дарыланууда.
2-июнда бул илдеттен алты адам каза тапкан. Көз жумган бейтаптардын көбү Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келүүдө.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1837 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 383 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (177) жана Чүй облусунда (78).
Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 106 223 адам болду.
Бир күндө 320 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканаларда 1678 адам жатат, дагы 1888 бейтап үйдөн дарыланууда.
Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин саны 4720га жетти, алардын жүздөн ашууну көз жумду.
Соңку эки аптадан бери Африка мамлекеттеринде коронавирус тездик менен жайылып баратат. Түштүк Африка республикасында эле өткөн аптада вирус аныкталгандардын саны 60%га өскөн. Ал арада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул континенттеги мамлекеттерге вакциналарды жеткирүү дээрлик токтогонун билдирди.
АКШ президенти Жо Байден 3-июнда вакциналарды бөлүштүрүү боюнча COVAX механизми аркылуу Вашингтон дүйнөдөгү жакыр мамлекеттерге жардам берерин жарыялады. Буга чейин Ак үй июнь айынын соңуна чейин жакыр мамлекеттерге 80 миллион доза вакцина таратарын билдирген. Эми анын 25% күтүлбөгөн кырдаалдар үчүн сакталып турары маалым болду.
Кошмо Штаттарда чоң адамдардын 63% вакцинанын биринчи дозасын алышты. Вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла кыскарып, күнүнө 16 миңдей эле адамдан аныкталып жатат.
Эмдөө кампаниясы Кытайда да абдан тез ыргакта жүрүп жатат. Жыл соңуна чейин 1,4 миллиард калктын 80% на вакцина сайылары кабарланды.
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 413 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 5-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.
Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Чүй облусунун тургундары.
Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (157) жана Чүй облусуна (98) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон учур катталды.
5-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 320 адамды түздү.