Кыргызстанда көз карандысыз адистерден турган топ 21-июндан 2-июлга чейин COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экенин эскертип жатышат. Алардын божомолунда, башка аймактарга салыштырмалуу Ош жана Бишкек шаарларында кырдаал курчуйт. Бул тууралуу СOVID-19ду алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова билдирди:
“Биздин анализ үч сценарий менен жүргүзүлөт. Бул жолкусунда эң жаман сценарий менен кетишибиз мүмкүн. Анткени, Кыргызстанда Индия, Британия, Түштүк Африка жана Орусия штаммдары адаптация болду. Азыркы статистиканын өсүп жатышына Индия штаммы себеп болду деген божомол бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул штамм британ штаммына караганда жабык жайларда 64%, ачык жерде 40% ылдам жайылат. Биз такыр жаңылбайбыз дегенден алыспыз. Бирок биздин ыкма вирус жугузгандардын өсүшүн аныктай алат. Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек”.
Июндун экинчи аптасынан тартып илдет жуккандар күнүнө 500-700дүн тегерегинде болуп келген. Вирус 19-июнда 870, 20-июнда болсо 730, 21-июнда 585 кишиден аныкталды. Алардын жарымынан көбү Бишкек жана Ош шаарында. Мындан тышкары соңку 20 күндө эле 120дай бейтап коронавирустан каза болду. 21-июнга карата көз жумгандардын жалпы саны 1937 адамга жетти.
Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы Кыргызстанга жума күнү келерин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Маалыматка ылайык, казак вакцинасынын биринчи партиясы гуманитардык жардам катары берилет.
“Казак тарап вакцинасын чек арага чейин жеткирип берет. Андан бери өзүбүз алып келебиз. Алар биринчи партияны бекер берип жатат. Кийинкилерин сатып алышыбыз керек”, - деди Бейшеналиев.
Өткөн аптада Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу QazVac вакцинасына каршы чыгышкан. Алар вакцинаны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзбөй туруп, шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан деп айтышкан.
Вакцинаны иштеп чыккан Улуттук илимий изилдөө институтунун кызматкерлери күмөн саноолор негизсиз экенин билдиришкен.
Чочуткан сандар
Соңку бир күндө коронавирус расмий аныкталган 931 учурдун эң көбү Бишкекте (435) жана Ошто (147) катталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев элди санитардык эрежелерди сактоого чакырды:
“Бүгүнкү күндө COVID-19дун катталуу учурлары абдан көп. 931 - чоң сан болуп эсептелет. Бул биздин кээ бир жарандарыбыз өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап жатканын көрсөтөт. Такай беткап тагыңыздар. Колду, суу, самын менен жууп, залалсыздандыруучу каражаттарды колдонуңуздар. Аралыкты сактап, көпчүлүк чогулган жерге барбаңыздар. 65 жаштан жогоркулар жалпы ооругандардын 31 пайызын түзүп жатат. Урматтуу мекендештер, жаштар, улуу муундагылардын, аксакалдардын ден соолугун сактаңыздар. Аларды той-топурга жөнөтпөңүздөр”.
Кыргызстанда коронавирус жугузган балдар көбөйүүдө
Ушул тапта ооруканаларда коронавирус илдетин жугузуп алган 22 бала дарыланып жатат. Алардын эң кичүүсү алты айлык наристе. Улуусу 16 жашта. Бул тууралуу республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.
“Май-апрель айларында балдар арасында илдет жуккандар дээрлик жок болчу. Бирин-серин гана келип жаткан. Акыркы эки аптада коронавирус илдети аныкталган балдар көп кайрылып жатат. Ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалдары орточо оор”, - деди Алиев.