Кыргызстандан соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 1238 адамга жугуп, он бейтап мерт болду. Ооругандардын жалпы саны 136 миңге чамалап калды. Илдет 2073 кишинин өмүрүн кыйды.
Азыр бейтапканалара 4,5 миңден көп адам жатат жана алардын 186сынын абалы өтө оор.
Акыркы бир күндө коронавирусту 50 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бардыгы болуп оору 5732 дарыгерге жукту.
Буга чейин Министрлер кабинети а ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин маалымдаган.
Өткөн аптада Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарган. Анда Кыргызстан вакцина жараяны начар жүргөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 160-орунга жайгашкан.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча өлкө аймагында коронавирустун дельта (индиялык) штаммын жуктурган киши каттала элек.
Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Касым Оморов билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 85,7% альфа жана 14,2% бета штаммдары катталган. Оморов коронавирустун жугушунун алдын алуу жана жеңил өткөрүү үчүн калкты 90% чейин эмдөө керек деди. Вирустун "дельта" штаммы тез жугуп, инкубациялык мөөнөтү кыска экени аныкталган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир суткада коронавирус дагы 1319 адамдан аныкталды, он бейтап көз жумду. Ооругандар Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп. Өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 137 миңден ашып, оору 2083 бейтаптын өмүрүн кыйды.
Бир күн аралыгында коронавирусту 29 медицина кызматкери жуктуруп алды жана илдетке кабылган дарыгерлердин саны 5 миңден ашты. Ооруканаларда азыр 4,5 миңден көп бейтап жатат жана алардын 200го чукулунун абалы өтө оор.
СOVID-19: Индонезияда коронавирус жайылып жатат
Калкынын саны 270 миллион адамды түзгөн бул өлкөдө СOVID-19 вирусунун “дельта” варианты тарап, ооруканаларда орун жетишпей жатат. Расмий маалыматтар боюнча, вирус кесепетинен көз жумгандардын саны соңку айда беш эсеге көбөйүп, күн сайын 1000 кишиге чамалады. Пандемия маалында каза болгондор расмий түрдө 63 700 киши деп эсептелгени менен иш жүзүндө андан көп болушу мүмкүн.
Өлкөнүн борбору Жакартадагы беш көрүстөндүн төртөө коронавирустан каза болгондорго толуп калды.
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 10-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан 10 бейтап көз жумду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 2 093 кишиге жетти.
Вирус соңку бир суткада дагы 1 295 адамдан аныкталды. Анын ичинен эң көп Бишкекте катталды – 788 киши. Чүй облусунда 160, Баткенде 103, Жалал-Абадда 64, Ош шаарында 51, Ысык-Көлдө 46, Ош облусунда 38, Нарында 26, Талас облусунда 19 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 138 353 адамга жетти. Андан 117 250 бейтап айыкты.
Ушул күндөрү 4 585 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 198 бейтаптын абалы өтө оор, 1 310 кишиники оор деп бааланууда.
Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.