Акыркы бир суткада коронавирустан дагы он бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Жалал-Абад облусундагы ооруканада жаткан.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 143 кишиге жетти.
Вирус соңку бир суткада дагы 1 290 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 144 958 адамга жетти. Андан 121 760 бейтап айыкты.
Ушул күндөрү 4 813 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 217 бейтаптын абалы өтө оор, 1 411 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келет.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 40 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 052 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 257и сакайды.
Ташкентте ооруканалар толуп калды
Өзбекстандын баш калаасы Ташкентте коронавируска чалдыккандарды дарылаган ооруканалар толуп калды. Абалы оор бейтаптар гана кабыл алынып жатканын "Азаттыктын" өзбек кызматы маалымдады. Өлкөдө оору жуктуруп алгандардын саны соңку күндөрү көбөйүп, күнүгө жүздөгөн адамдан коронавирус аныкталууда.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Өзбекстанда коронавирус инфекциясына каршы 5 миллиондон ашуун адам эмделди. Алардын миллионго чукулу эмдөөнүн экинчи дозасын да алышты. Өзбекстанда 33 миллион калк бар.
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 14-июлга карата 117 500гө жакындады. Алардын 780ден ашууну көз жумду.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши коронавируска каршы вакцина алуу жөнүндө фатва чыгарды. Анда коронавирустун жайылышынын алдын ала турган жалгыз ыкма - эмдөөдөн өтүү экени белгиленген.
"Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицинага таандык. Вакцинанын зыяны жок болсо, ислам дини эмдөөгө каршы эмес", - деп жазылган Аалымдар кеңешинин чечиминде.
15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү.