COVID-19 вирусунан көз жумган дарыгер Темиркан Жарматованын элесине арналган мемориалдык такта Ош облустук аймактар аралык ооруканасында орнотулду.
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Темиркан Жарматова 2020-жылы, 16-июлда каза болгон. Ал ооруну "кызыл аймакта" иштеп жуктуруп алганы кабарланган.
АКШ президенти Жо Байден соцтармактар, анын ичинде "Фейсбук" коронавируска каршы эмдөө боюнча жалган маалыматтарды жайгаштырып, "элге зыянын тийгизип жатат" деп айыптады. Байден 16-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, оору эмделбегендер арасында гана тарап жатканын айткан.
АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы убактарда эмделбеген кишилер арасында көп тарап жатканын маалымдаган эле.
"Фейсбук" өз кезегинде Байдендин сөзүн жокко чыгарып, COVID-19 тууралуу жалган маалыматтарга каршы жоболор киргизилгенин, вакцина тууралуу да элге туура маалымат берилип жатканын билдирди. Компаниянын өкүлү Кевин Макалистер 2 млрд. ашуун пайдалануучу "Фейсбуктан" коронавирус жана вакцина жөнүндө так, туура маалымат алганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, 3,3 млн. америкалык вакцина жөнүндө маалымат алуу үчүн "Фейсбуктун" издөө кызматын колдонгон.
"Фактылар тескерисинче "Фейсбук" өмүрлөрдү сактап калууга көмөктөшүп жатканын көрсөтүүдө", - деди Макалистер.
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 19-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Чүй, Талас облустары менен Ош шаарындагы ооруканаларда жаткан.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 186 адамга жетти.
Вирус соңку бир суткада дагы 1 287 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 917 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 150 316 адамга жетти. Андан 126 450 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.
Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең сайдырды. Бул 19-июль - таңкы саат жетиге карата маалымат. Эмдөө алгандардын саны Саламатык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Учурда запаста 1 миллион 185 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Жашы 18ден ашкан жарандар негизинен Sinopharm же Sputnik-V вакциналарын алып жатышат. 17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Поликлиникалардан тышкары, соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрү ачылган. Вакцина бир адамга эки дозада сайылат. Эки дозанын ортосу - 21 күн.
Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырган.
Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 150 минге чамалап калды. 18-июлдагы эсепке ылайык, оорудан 2 175 адам көз жумду.