Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун жетөө ВИЧке чалдыккан адамдар болчу. Бул тууралуу 4-августта республикалык СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.
Анын айтымында, коронавирус пандемиясы башталгандан бери азыркы күнгө чейин бул вирус ВИЧке чалдыккан 123 кыргызстандыктан аныкталды, алардын 116сы дарылангандан кийин сакайып кеткен болсо, жетөөнү сактап калуу мүмкүн болгон жок.
Чокморова COVID-19дан коргонуунун негизги жолу эмдөө экенин белгилеп, ВИЧ инфекциясы бар адамдардын арасынан бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы вакцинаны 60 адам алганын кошумчалады.
Кыргызстанда ВИЧ жуккандардын саны 10 миңден ашуун, алардын 2,5 миңдейи каза болгон.
2020-жылы март айында башталган коронавирус эпидемиясы өлкөдө 2,5 миңдей адамдын өмүрүн алды, бул инфекцияны жугузуп алгандар 166 миңден ашты.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы 9 адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2372 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 840 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (476) жана Чүй облусунда (131).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 167 076 адамга жетти.
Бир күндө 1550 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3306 адам жатат, дагы 7629 бейтап үйдөн дарыланууда.
Өлкөнүн жарым миллиондон ашуун тургуну COVID-19 каршы вакцина алды
Кыргызстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптанышы үчүн 2 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 5-августта вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова билдирди.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 651 миңге жетти. Алардын 140 миңи экинчи дозасын да алышты.
Ошентип, эмделүүгө тийиш болгондордун 27% толук эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүч 70% жеткенде жамааттык иммунитет калыптанарын адистер айтууда.