Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 11-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы жети адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2420 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 382 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (218) жана Чүй облусунда (52).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 353 адамга жетти.
Бир күндө 771 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2455 адам жатат, дагы 4031 бейтап үйдөн дарыланууда.
10-августта Казакстанда COVID-19 илдети 8 245 адамдан аныкталып, 154 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин 11-августтагы билдирүүсүндө жарыяланды.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой вирустун жайылышы бул айдын башында бир топ жайлап, бирок соңку эки күндө кайрадан күч алганын билдирди. Анын айтымында, азыр COVID-19 бир күндө 7 миңден кем эмес адамдан табылууда.
Өлкөнүн бардык аймактары менен шаарлары «кызыл зонага» киргизилди. Коронавирустун жайылышы боюнча Алматы шаары алдыга чыгып (1493), андан ары баш калаа Нур-Султан (1153), Караганда (1125), Атырау (618), Шымкент шаары (574) жана Актөбө (304) катары менен куушуп келе жатышат. Калган аймактарда илдет аныкталгандар 300 кишиден төмөн.
Пандемия башталгандан бери Казакстанда бул илдет 656 миң кишиден аныкталып, 7 103 киши көз жумду.
Азыркы учурда Казакстан боюнча 112 миң адам дарыланып жатканы, 30 миң пациент ооруканага жатып, анын ичинен 1 808 адамдын абалы оор, 451 киши абдан оор абалда, дагы 215 адам жасалма дем алдыруу аппаратына кошулганы кабарланды.
Кыргызстанда дүйнөлүк коронавирус пандемиясынын айынан туризм тармагы көп жоготууга учурады. Бул тууралуу 11-августта Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди:
“Туризм жаатындагы жоготуулар 80% жеткенин аныктадык. Бул сектордун ишмердүүлүгүнүн 15% жакыны, тилекке каршы, жабылганы такталды. Кээ бирлери убактылуу мөөнөткө, ал эми кээ бирлери мындан ары иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калгандыктан жабылганын билдиришти”.
Коронавирус пандемиясы дүйнөлүк туризмдин тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келгенин, 2020-жылдын жыйынтыгы менен жоготуу 1,3 триллион доллар деп эсептелгенин Бириккен Улуттар Уюму быйыл январь айында билдирген.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы алты адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2426 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 417 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (201) жана Чүй облусунда (83).
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 170 770 адамга жетти.
Бир күндө 743 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2382 адам жатат, дагы 3771 бейтап үйдөн дарыланууда.