Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 15-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2578 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 81 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 389 адамга жетти.
Бир күндө 117 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 603 адам жатат, дагы 978 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 171 767 киши.
Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 короновирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу брифинг учурунда Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова билдирди.
Анын айтымында, лабораториялык аныктоо ПЧР ыкмасы менен жүргүзүлөт. Ошондой эле скрининг үчүн экспресс ыкма, ал эми шашылыш учурларда Genexpert ыкмасы колдонулат.
Пандемиянын башталышынан бери 2021-жылдын 15-сентябрына чейин жалпы республика боюнча 1 824 071 изилдөө жүргүзүлдү.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 17-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2583 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 83 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 567 адамга жетти.
Бир күндө 113 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 589 адам жатат, дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 015 киши.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 20-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2583 адам.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 83 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 567 адамга жетти.
Бир күндө 113 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 589 адам жатат, дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 015 киши.