Кошмо Штаттарда экономиканы калыбына келтирүү жана саламаттык сактоо тармагына жардам берүү максатында эки триллион доллар бөлүү боюнча тарыхый макулдашуу түзүлдү.
Ак үй менен сенаторлордун ортосунда бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин мунаса табылганын 25-мартта Дональд Трамптын администрациясынын өкүлү Эрик Уиланд билдирди.
«Bloomberg» агенттиги кабарлагандай, Сенатта добуш берүү 25-мартта өтөт. Документти алгач демократтар үстөмдүүлүк кылган Өкүлдөр Палатасы жактырышы зарыл.
АКШ президенти Дональд Трамп мыйзам чыгаруучуларды документти тезирээк жактырууга чакырды. Ал эми айрым демократтар бул долбоорго каршы чыгып, акчаны бөлүштүрүүдө ачыктык көрбөй жатышканын жүйө келтиришүүдө.