Пандемияга байланыштуу дүйнөдө 2,9 миллиард адам карантинде отурат. Испания менен Италия коронавирустан өлгөн адамдардын саны боюнча Кытайды артка калтырышты. Испанияда соңку бир суткада 738 адам каза тапты.
Жер жүзүндө бул илдеттен көз жумгандардын саны 20 миңге чамалады.
Жакынкы Чыгышта бул көрсөткүч боюнча Иран алдыда. Ал жакта өлгөндөрдүн саны 2 миңден ашты.
Кыргызстанда коронавирусту 44 киши жуктуруп алды.