Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Саясий партиялар коррупциянын сазында


"Транспэренси Интернешнл" уюмунун маалыматына ылайык, саясий партиялар бир катар өлкөлөрдө эң коррупциялашкан структуралар болуп чыкты.

Коррупция адам баласын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин коштоп келатат. Шумер падышалары менен Египет фараондору, Рим императорлору кол астындагылардын пара алуусуна каршы күрөшүп келишкени тарых булактарында айтылып жүрөт.

Макиавелли коррупцияны оору менен бекеринен салыштырбаса керек. “Башында аны аныктоо кыйын, бирок оңой дарыласа болот. Өтүшүп кетсе, дароо аныкталганы менен айыктыруу татаал”.

Коррупция тигил же бул деңгээлде бай-кедейине карабай ар бир өлкөдө бар.
"Транспэренси Интернешнл" уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө калкынын 25 проценттен көбү өткөн жылы пара бергенин моюнга алса, Ооганстан менен Кыргызстанда бул көрсөткүч 40 процентти түзгөн. Саясий партиялар көпчүлүк өлөкөлөрдө эң коррупциялашкан структуралар болуп чыкты.

Ушу тапта Германиянын мурдагы президенти Кристиан Вулфтун соту өтүүдө. 2008-жылы Төмөнкү Саксониянын премьер-министри болуп турган кезинде ал Мюнхендеги “Октоберфест” пиво майрамына барганда мейманканада бекер жашаган жана бекер тамактанган деп айыпталууда. Ошол чыгымдардын эсеби 719 еврону түзгөн. Ошол эле жылы Вулф байланыштарынан пайдаланып, банктан ыңгайлуу шартта кредит алганы да ачыкка чыккан. Бул жөнүндө маалыматты басып чыгарууга даярдаган журналга кысым көргөзгөнү белгилүү болгондо Ганновердин прокуратурасы анын кол тийбестигин алуу арызын жолдогон. Ошондон кийин президент кызматынан кетүүгө аргасыз болду.

Германиянын экс-президенти Кристиан Вулф Ганновердеги сотто. 14-ноябрь 2013-жыл
Германиянын экс-президенти Кристиан Вулф Ганновердеги сотто. 14-ноябрь 2013-жыл
Кеп 719 евро жана 0,6 процентке төмөнүрөөк кредит тууралуу жүрүүдө.

Ал эми эң бейстабилдүү, жакыр өлкөлөрдүн катарына кирген Ооганстан "Транспэренси Интернешнл" уюмунун коррупция боюнча тизмесинде эң акыркылардын арасында – 175-сапта жайгашкан. Күнүмдүк, майда паракорлук менен катар министр, чиновниктердин эл аралык донорлор өлкөнү реконструкциялоого бөлгөн ири каражатты өз чөнтөктөрүнө салган учурлар көнүмүшкө айланган, - дейт ооган журналисти Ян Алекозай.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:02 0:00
Түз линк

Ноябрдын этегинде Италиянын сенаты мурдагы премьер-министр Силвио Берлусконинин депутаттык кол тийбестигин алууну колдоп добуш беришти. Ошентип, “Алга, Италия” партиясынын лидери, 3 жолу министрлер кабинетин жетектеген Берлускони өлкө тарыхында депутаттык иммунитеттен ажыраган алгачкы парламентарий болуп калды.

Анын алдында Италиянын Жогорку Соту "Медиасет" компаниясынын финансылык көз боёмочулуктарына байланыштуу экс-премьерди 4 жылга түрмөгө кесүү өкүмүн күчүндө калтырган. Эми 77 жаштагы саясатчы 6 жыл бою парламентке шайлана албайт жана ага мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат.

Акыркы 20 жылдын ичинде Берлускониге каршы 100дөн ашык сот иши ачылган. Айрымдары коррупцияга байланышкан иштер болчу. Бирок буга чейин ал бир да жолу соттолгон эмес.

"Транспэренси Интернешнл" уюмунун тизмесинде Италия Румыния жана Кувейт менен катар 69-орунда турат. Өткөн жылдагыга караганда көрсөткүч жакшырганы менен Европа өлкөлөрүнүн арасынан Италия эң төмөнкү саптарда кала берүүдө. Ондогон жылдардан бери ар кандай изилдөөлөр коррупциянын өскөнүн гана көрсөтүп келген.

Ал эми өлкө тарыхындагы ири коррупциялык жаңжалдар 1990-жылдардын башына туура келген.

Италиянын Христиан-демократиялык партиясынын мурдагы лидери Жулио Андреотти коррупция чатагына байланыштуу кызматынан кеткен
Италиянын Христиан-демократиялык партиясынын мурдагы лидери Жулио Андреотти коррупция чатагына байланыштуу кызматынан кеткен
1992-жылдын февралында «Таза кол» операциясынын натыйжасында бир катар компаниялар кызмат орундары менен мамлекеттик заказдарды алуу үчүн ар кайсы саясий партияларга акча которуп турушканы ачыкка чыккан. Мурдагы премьер-министр, Христиан-демократтар партиясынын көрүнүктүү негиздөөчүлөрдүн бири Жулио Андреоттиге партияны мыйзамсыз жол менен каржылоо, мафия менен байланыштар боюнча айып тагылган.

Миландын прокурорунун орун басары Антонио ди Пьетронун демилгеси менен башталган операциянын жыйнытыгында партиялардын шайлоо кампанияларын мыйзамсыз финансылоо, саясатчыларды сатып алуу фактыларынын бетин ачышкан. Бардыгы болуп ошондо 50 миңден көп киши соттолгон.

Сөз - италиялык аналитик Стефано Грациолиде.

please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00
Түз линк


Натыйжада мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, өлкө пропорционалдык шайлоо системасынан мажоритардык системага өттү. Салттуу, эски партиялар кризиске батып, христиан-демократтар, Италиянын социалисттик, Италиянын либералдар жана Италиянын демократиялык социалисттик партиялары саясий сахнадан таптакыр жок болуп кетти.

Дагы бир парламенттик өлкө – Чехия да улам бир коррупциялык чатакка күбө болуп келатат. 2012-жылдын май айында мурдагы саламаттыкты сактоо министри, Борбордук Чехия облусунун губернатору Давид Рат 7 миллион крона же 280 миң евро пара алып жаткан кезинде кармалган. Депутат жана дагы эки киши дээрлик 1 жарым миллион евро пара алган деп айыпталууда.

Ал өзү күнөөнү четке кагып, мунун артында саясат турат деп келатат. «Чехия прокурордук жумуриятка айлнды» - деген Рат, бийлик аны камоо менен өкмөттү тайманбай сындаган саясатчыны жок кылып, башкаларды да коркуткусу келет деп жакында интервьюларынын биринде айтты.

Борбордук Чехиянын экс-губернатору Давид Ратты полиция пара алып аткан жеринен кармаган
Борбордук Чехиянын экс-губернатору Давид Ратты полиция пара алып аткан жеринен кармаган
Депутат кылмыш жасап жаткан жеринен кармалса, мыйзам кол тийбестигине карабай аны дароо камоого жол берет, – деп түшүндүрөт прагалык аналитик Радко Кубичко.

please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
Түз линк

Бирок партиялаштары ага болушуп, колдоп же тилектештик билдирүүсүн жасашкан жок. Социал-демократтардын жетекчилиги дароо депутатты ошол замат өгөйлөп койду.

Рат өзү болсо анын кол тийбестигин алуу маселеси каралганда ошол акча шайлоого сарпталмак деп кыйыта кеткен. Ошол маалда ал башкарган облуста шайлоо жакындаганын эске алганда, калың эл арасында ошондой эле ой калды, - дейт Кубичко.

- Кыргызстан үчүн парламенттик система жаңы бир тажрыйба болгондой эле, 1989-жылдан кийин парламенттик башкаруу биз үчүн да жаңылык болгон. Саясий партиялардын акча-каражаттары тартыш, мүчөлөрү да аз болчу. Натыйжада каржылоонун ар кандай булактарын издеп жатышты. Андыктан коррупциялык жаңжалдар Чехияда көп болуп келди.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:10 0:00
Түз линк

Серепчи белгилегендей, Ооганстан же Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдө мыйзамсыз жол менен табылган акча негизинен аткаминерлердин чөнтөктөрүнө түшсө, Чехияда коррупциялык каражат көбүнесе тигил же бул партиянын кызыкчылыгында пайдаланып келет. Саясий маданият, коомдун коррупцияга болгон мамилеси да маанилүү. Ошол маданият болсо бир күндө калыптанбайт.

Ооганстандан айырмаланып, Чехияда коррупция үчүн күнөөлөнүп, сот жообуна тартылган жогорку кызматтарды ээлеген адамдар жокко эсе. Ратко Кубичко алдыда сөз болгон экс-министр Давид Рат биринчи болуп калышы ыктымал дейт.
XS
SM
MD
LG