Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Дүйнөдө COVID-19дан өлгөндөрдүн саны 400 миңден ашты


Таиланддагы лабораторияда тартылган сүрөт. 23-май, 2020-жыл.
Таиланддагы лабораторияда тартылган сүрөт. 23-май, 2020-жыл.

7-июнга карата дүйнөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 400 миңден ашты. Ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны жети миллионго чамалады.

Учурда бул илдетке кабылгандардын саны Латын Америкасында, Индияда жана Индонезияда өсүп жатат.

Бразилияда коронавирустан каза болгондордун саны 35 миңден ашты, күн сайын миңдей адам жашоо менен кош айтышууда. Бул мамлекет коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө АКШ менен Орусиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Индияда инфекциядан жабыркагандардын саны 237 миңге чамалады. Коронавирус көбүнчө айыл жергесинде жайылууда. 1,3 миллиарддай калкы бар Индияда 8-июнда карантин чаралары жумшартылат.

6-июнда Индонезияда миң адам вирусту жуктуруп алганы белгилүү болду. Түштүк-Чыгыш Азиядагы бул мамлекетте 30 миңден көп адамдан COVID-19 аныкталды.

XS
SM
MD
LG