Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Москвада ЖККУнун мааракелүү саммити өттү


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Москва саммитинде, Кремль, 15-май, 2012.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Москва саммитинде, Кремль, 15-май, 2012.

ЖККУнун Москвадагы кезексиз саммитине Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация катышты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Москва саммити юбилейлик саммит. Анткени мындан 20 жыл илгери дал ушул күнү, 15-майда Ташкенде ЖККУну түзүү боюнча келишимге кол коюлган.

Саммиттин мазмундук жагына келе турган болсок, анын күн тартибине регионалдык жана глобалдык коопсуздук маселелери коюлган. Мына ушул маселелердин арасында "Манастагы" Транзиттик борбор негизги темалардын бирине айланышы ыктымалдыгы айтылган. Анткени ЖККУнун өткөн жылы декабрь саммитинде кабыл алынган документте “ЖККУга мүчө өлкөнүн аймагына башка мамлекеттин аскердик күчтөрүн жайгаштырууда уюмга мүчө өлкөлөрдүн макулдугу керек” деген жобо бар. Бирок бул маселе саммитте каралган-каралбаганы тууралуу азырынча маалымат жок.

Кыргызстан азыркы мезгилде "Манастагы" Транзиттик борбордун тагдыры боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштап олтурат. Бирок да Кыргызстан өзү 2014-жылдан кийин "Манаста" аскердик контингент болбош керек деген талапты коюп келатат.

ЖККУнун саммитинен сырткары президенттер КМШнын бейформал саммитине катышат. Бейформал саммиттин негизин Владимир Путинди президенттик кызматка кириши менен куттуктоо түзүшү күтүлөт.

Бирок айрым эксперттер саммитте КМШ алкагында эркин соода аймагын түзүү боюнча келишим ратификацияланбай жатышы орчун маселеге айланат деген пикирди билдирүүдө. Өткөн жылы кол коюлган келишимди Орусиянын парламенти гана ратификациялаган. Ал кездеги орус өкмөт башчысы, азыркы президент Владимир Путин бул келишимди ири жетишкендик катары баалаган эле.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Нурлан Төрөбеков ал келишим кыргыз өкмөтүнүн ичинде ички жол-жоболордон өтүп жатканын билдирип, анын Кыргызстанга пайда-зыяны тууралуу буларга токтолду:

-Мунун эки жагы бар. Чоң саясат. Жакшы жагы да бар, жаман жактары да бар. Мунун баарын изилдеп, туура талдап, анан кийин чечим кабыл алыш керек. Кошуна мамлекеттер менен бир болуп жаткандан кийин баарыбыздын саясатыбыз бир болушу керек. Мыйзамдардын баарын бири-бирибиздикине туура келтириш керек. Биздин да кызыкчылыгыбыз бардык жагынан каралыш керек. Ошон үчүн мунун баарын иликтеп жатабыз.

Саммиттин алкагында Алмазбек Атамбаев Азербайжан президенти Илхам Алиев жана орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушары кабарланды. Илхам Алиев менен жолугушууда Кыргызстанда мунай иштетүүчү заводду куруу көтөрүлөт дейт Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев:

- Сөзсүз түрдө бул жөнүндө сүйлөшүү болот. Чындап айтканда биз азыр Азербайжан менен мамилени жолго коюп, тыгыз мамилеси бар деңгээлдей абалга жеткирип койдук. Мурун эч кандай байланыш жок эле. Жалаң эле мунай эмес, электростанция курууга да Азербайжан макулдугун берип жатат. Тамчы аба майданын иштетебиз деп жатат. Сүйлөшө турган маселелер абдан көп.

Дмитрий Медведев менен жолугушууда кыргыз-орус энергетикалык долбоорлору көңүл борборунда болушу күтүлөт. Муну кыргыз делегациясынын курамында энергетика министри Аскарбек Шадиевдин болушу да кыйыр түрдө тастыктап турат. Андан сырткары эки тарап “Кыргызгаздын” 75% акциясын "Газпромго" сатуу боюнча келишимге жетишүүнүн алдында турат. Бул маселе боюнча “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин Москвага сапары кийинки жумага белгиленип жатканын “Кыргызгаздан” тастыкташты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG