Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

The Rolling Stones тобуна 50 жыл


The Rolling Stones тобу Москвада, 7-май 1998-жыл.
The Rolling Stones тобу Москвада, 7-май 1998-жыл.

Британиялык атактуу “Роллинг стоунс” (The Rolling Stones) рок тобу 50 жылдык мааракесин белгилөөдө.

“Роллинг стоунс” тобу 1962-жылдын 12-июлунда Лондондогу Marquee клубунда алгачкы жолу көрүүчүлөр алдына ырдап чыккан.

Салттуу джаз кеӊири жайылып турган мезгилде америкалык блюз жанрында ырдаган бул жаңы топтун ырлары көпчүлүк үчүн жат эле.

Элүү жыл мурда өзгөчө жүрүм-турум менен ырдай баштаган “Роллинг стоунс” дүйнөнүн төрт бурчуна таанымал болуп чыга келет, поп-маданиятты өзгөртөт деп эч ким ойлобосо керек.

Азыр эми “Роллинг стоунс” ондогон альбомдору кеминде 200 миллиондон ашык тираж менен сатылган легендарлуу топ болуп саналат.

Рок-н-ролл, блюз-рок стилинде ырдаган бул топ кезегинде атактуу “Битлз” (The Beatles) менен тең тайлашып, “дүйнөдөгү улуу рок-н-ролл тобу” наамын багындырган.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.
Макаланы толугу менен бул жерден угуңуз.

XS
SM
MD
LG