Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Кипр: өкмөт аманат акчага көз артты


Кипрдин парламенти банк депозиттерине кошумча салык киргизүү маселесин талкуулаганы турат.

Каржылык кризиске баткан Евромейкиндикте банктагы жеке эсептер мамлекет кол сала албаган ыйык нерсе катары каралып келген. Аманатчылар болсо добуш берүүнүн жыйынтыгына карабай, акчасын банктардан чыгарышаарын айтышат.

Ишембиде Кипр өкмөтү Евробиримдиктин банктарындагы капиталды реструктуризациялоо сунушуна макул болгон. Атап айтканда, 100 миң еврого чейинки эсептерден мамлекеттин пайдасына 6,75%, ал эми бул суммадан ашкандардыкынан 9,9% салык алынмакчы.

Мындай чара Кипрге 10 миллиард евро антикризистик жардам алуу үчүн шарт катары коюлган.

Евромейкиндик кризиске кептелип, андан чыгуу үчүн бар аракетин жумшап жатканы менен, буга чейин казынаны аманатчылардын эсебинен толтуруу чектен чыккан чара катары каралып келген. Башкача айтканда, эсеп ээлери мамлекетке карыз төлөөгө жардамдашмакчы.

Президент Никос Анастасиадес Кипрди банкрот болуудан сактап калуу үчүн ушундай эң оптималдуу жол тандалганын айтты:

- Биз маселенин ушундай жол менен чечилишин каалаган эмеспиз. Бирок бүгүнкү шартта бул эң оптималдуу чара, себеби акыр аягында экономиканы көзөмөлдөө биздин колубузда кала берет.

Кабарды уккан аманатчылар, албетте, нааразылыгын жашырбай, мындай чараны “мыйзамдаштырылган каракчылык” деп аташууда. Эл дароо акчаларын жапырт чыгарууга аракеттене баштады.

"Башкалардай эле катуу ачуум келип атат. Эртең дагы эмне болуп кетет билбейм. Абал чындап эле кыйын", - дейт Никосиянын тургуну.

Өкмөт салык бир жолу алынаарын айтып, калкты тынчтандырууда.

Капитал өлкөдөн агыла баштайт деп чочулаган бийлик жергиликтүү банктарга акча которуу же төлөмдөрдү ишке ашырууга тыюу салды. Кошумча салык киргизүү менен мамлекет 5,8 миллиард евро чогултууну болжолдоп жатат.

Никос Анастасиадес
Никос Анастасиадес
Бул алакандай аралдын шаркеттеги экономикалык үлүшү чакан болгону менен, оффшордогу банктарда эбегейсиз акча сакталат жана чет өлкөлүк, анын ичинде Орусия жарандарынын эсептери дээрлик 40 процентти түзөт. Moody`s рейтинг агенттигинин баамында, Кипрдеги банктарда орусиялык компаниялар менен жеке адамдардын 30 миллиард евродон ашык акчасы сакталат.

Салык аманатчынын жарандыгына же жашаган жерине карабай бардыгынан алынмакчы.

Орусия президенти Владимир Путин Кипр бийлигинин чечимин “адилетсиз, профессиналдуу эмес жана кооптуу" деп атады. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин Кипр өкмөтүнүн чечимине байланыштуу дүйшөмбүдө чукул жыйын өткөрдү.

Ларнакада жашаган британиялык Сьюзан Кирн да шейшембиде акчасын банктан алаарын айтат:

- Шейшембиде банкка барып, бир тыйын калтырбай бардык акчамды алып кетүүнү пландап жатам. Аларга ишенбей калдым. Бул – каракчылык. Менин акчамды уурдап атышат.

Кипрде банктар дүйшөмбү күндөрү жабык болот.

Парламенттин 56 депутаты сунушту колдоп-колдобосун алдын ала айтуу кыйын.

Байкоочулар сунуш өтпөй калса да, аманатчылар баары бир акчасын чыгарууга аракеттенишет дешет.

Азыркы кырдаалды 1974-жылкы түрк оккупациясы менен салыштырган президент Анастасиадес чакан аманатчыларга жоготууларын компенсациялоо жолу каралаарына ишендирди. Ал кризистин натыйжасында арал Түркия жана Греция көзөмөлдөгөн эки аймакка бөлүнүп калган.

Аналитиктер калган өлкөлөр да Кипр сценарийинин кайталанышынан чочулап, акчасын банктардан чыгара башташы мүмкүн деп болжолдошот.

Европа биримдигинин жетекчилери болсо эл аралык жардамга муктаж мүчө-мамлекеттер үчүн калкы 1 миллион кишиге жетпеген Кипр прецедент болуп калбайт деп жоошутушууда.

Ал тапта евронун наркы дүйнөлүк биржаларда дүйшөмбүдө кескин арзандады.

XS
SM
MD
LG