Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

Чехия: "Таза мырзадан" ыплас иштерди табышты"


Чехиянын президенти Милош Земан (солдо) премьер-министр Петр Нечастын арызын кабыл алууда. Прага, 17-июнь 2013-жыл
Чехиянын президенти Милош Земан (солдо) премьер-министр Петр Нечастын арызын кабыл алууда. Прага, 17-июнь 2013-жыл

Чехия президенти премьер-министр Петр Нечастын отставкасын кабыл алды. Өкмөт башчы коррупциялык чуулган иштердин бети ачылып, бир катар санаалаштары камалгандан кийин кызматтан кетүүнү чечкен.

Дүйшөмбү күнү кечинде Чех Жумуриятынын президенти Милош Земан премьер-министр Петр Нечас жетектеген кабинеттин отставкасын кабыл алып, жаңы өкмөт түзүлгүчө кызматтарын аткара турууну тапшырды. Өткөн жумада өкмөттүн кеңсеси тинтүүгө алынып, бир катар мурунку жана азыркы жогорку жетекчилер камакка алынгандан кийин окуялар тездик менен өнүгүп отуруп, саясий кризиске алып келди. Аны менен катар мыйзамсыз аңдуу, премьердин никесиз катнашы ачыкка чыгып калды.

Чехиянын акыркы 20 жылдагы тарыхындагы ири антикоррупциялык операциянын учурунда өкмөттүк кеңселерден тышкары ондогон вилла, банктарда рейддер жүрдү. Анын натыйжасында 6 миллион доллардан ашуун акча жана бир нече килограмм алтын колго түшүрүлдү.

Жаңжалдын чордонундагы негизги фигура – Нечастын администрация башчысы Яна Надиова камакка алынып, паракорлук жана кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы үчүн айып тагылды.

Прокуратура ал Нечас жетектеген “Жарандык демократиялык партиянын” 3 депутатына мандаттарынан баш тартышса, мамлекеттин карамагындагы компаниялардан жакшы кызмат берилээрин убада кылган деп күнөөлөп жатат. Андан тышкары өкмөт башчынын “оң колу” болгон Надиова чалгындоо кызматына премьердин жубайын жана дагы 2 кишини аңдуу тапшырмасын берген.

Ушундай эле айып 7 кишиге, анын катарында мурдагы 3 депутатка, аскердик чалгындоо кызматынын мурдагы жана учурдагы жетекчилерине тагылды.

Атайын кызматтар сая түшкөн кишилердин бири Нечастын жубайы Радка Нечасова болгондуктан, бул чуулгандуу окуяга жеке турмуштук боёкторго да сүртүлдү. Антикоррупциялык операциянын алдында эле, премьер 25 жылдан ашык чогуу жашаган жубайы менен ажырашып жатканын шардана кылган. Бул кабар Нечас менен Надиованын жеке мамилелери болгон деген сөздөргө жем таштады.

Аялын аңдышканынан бейкабар экенин ырастаган премьер партиядан да кетээрин билдирди. Анын чечимин катардагы чехиялыктар кубаттоо менен кабыл алышты.

“Менимче, бул - зарыл кадам болду. Андан башка аргасы жок эле. Саясатчы катары туура кылды”, - дейт Праганын тургуну Павел Йирса.

Белгилүү журналист Ярослав Плесл да Надиованын камалышынан кийин Нечастын кызматтан кетүүдөн башка жолу калган жок деген ойго кошулат:

- Надиова премьердин эң жакын санаалашы болчу. Кадрларды тандоодо ушундай ката отставкага кетүүгө албетте чоң жүйөө түздү.

Нечастын кетиши Чехияны кайрадан саясий бейстабилдүүлүккө кептеди. 2014-жылкы парламенттик шайлоого чейин жаңы өкмөт түзүлүүгө тийиш. Азыркы коалицияга кирген оңчул 3 партия кабинетти кайрадан куруу ниетин билдирүүдө. Бирок алар парламентте жетиштүү добуш ала албай калышы ыктымал.

Өкмөт 3 жолу парламенттин жактыруусунан өтпөй калса, же парламент таркап кетүүгө көнсө, эрте шайлоо өткөрүлмөкчү. Бирок бул сунушту депутаттардын бештен үч бөлүгү колдоого тийиш.

Андан тышкары конституцияга ылайык, президент премьер-министрди дайындайт. Нечастын оппоненти Земан коалициянын талапкерин колдобой коюшу мүмкүн.

Кандай болбосун, журналист Плесл саясий партиялар мунаса табаарына ишенет:

- Эрте шайлоо өткөрүүгө коммунисттер менен социал-демократтар партиясынын айрым депутаттары гана үндөшүүдө. Алардан башкалары эрте шайлоону каалашпайт. Азыркы коалиция башка премьердин жетектөөсүндө бийликте кала берет деп ойлойм.

Эң кызыгы Нечас өзү колдоп, сүрөөнгө алган антикоррупциялык ири кампаниянын курмандыгы болуп калды. Баса, 3 жыл мурун бийликке келгенде аны – Pan Cisty – “Таза мырза” деп аташчу. Эми болсо, айрым маалымат каражаттары жазгандай, “премьер ыплас иштерге малынып”, “аброюна көө сүйкөп алып” кетип атат.

Кошуна өлкөлөрдүн маалымат каражаттары Чехиянын саясий сахнасындагы бул “жер титирөөнү” байма-бай чагылдырышууда. Көбүнчө сын макалаларды жолуктурса болот.

Алардын арасынан польшалык “Факт” басылмасынын комментарийин белгилей кетсек: “Элестетсеңер, Польша өкмөтүнүн жогорку аткаминерлери жашаган үйлөргө таң атпай барып, полиция тинтий алат беле? Өздөрүн камакка алып, коррупция үчүн айып тагалат беле? Бул реалдуу эмес. Польшанын полициясы менен прокуратурасы олуттуу фактылар болсо да, андайга бара албайт болчу, - деп жазат “Факт”.

XS
SM
MD
LG