Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:47

Давосто байлар сынга алынды


Давос.

Давосто Дүйнөлүк экономикалык форумдун мааракелик 50-жыйыны башталууда. Жыйындын расмий ачылышы болгон 20-январда жүздөгөн демонстрант "байлардын шеринеси" деген атка конгон форумга нааразылыгын билдиришти.

Былтыркы форумга катышуудан баш тарткан АКШ президенти Дональд Трамп бул жолу Давосто биринчилерден болуп сөз сүйлөдү.

Трамп андан тышкары бир катар жетечилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү. Айрым талдоочулар муну менен президент Сенатта импичмент маселеси каралып жатканда ишин жигердүү аткарып жатканын ишарат кылгысы келерин айтышат.

Доналд Трамп. Давос, 21-январь 2020-жыл
Доналд Трамп. Давос, 21-январь 2020-жыл

Салтка айлангандай, Дүйнөлүк экономикалык форумду утурлай бир катар уюмдар өз отчётторун чыгарышат. «Oxfam International» өкмөттүк эмес уюму глобалдык теңсиздикти талдап чыгып, былтыр 2 миң миллиардердин байлыгы дүйнөдөгү 4 миллиард 600 миллион кишинин байлыгынан ашкан деген тыянакка келди. Андан тышкары, 22 миллиардер бардык африкалык аялдардыкынан көп байлыкка ээлик кылат.

Изилдөөнүн авторлору «Форбстун» маалыматына таянышкан. Алар ошондой эле аялдар менен балдардын акысыз эмгеги дүйнөлүк экономикага жылына 10 триллион 800 миллиард доллар киреше алып келерин санап чыгышкан. Бул жогорку технологиялар өнөр жайы алып келген кирешеден 3 эсе көп. «Oxfam» мындай терс көрүнүштөр үчүн дүйнөлүк экономикалык системаны сынга алууда.

«Oxfam India» уюмунун башкы директору Амитабх Бехар балдарын багыш үчүн 17 сааттан иштеген Буча Дэви деген келинди мисал келтирди:

- Бир жагынан Давоско жеке учактары менен барган, дүнүйөсүн санабай, акча чачкан миллиардерлерди көрөсүңөр. Экинчи жагынан Буча Дэвидей аялдар бар. Мен Индияда күнүгө ошондой аялдар менен жолугушам. Мындай кырдаалга дүйнөнүн чар тарабында күбө болобуз. Биз муну өзгөртүшүбүз керек, миллиардерлердин жамырашына чекит коюу зарыл.

Чириген байлар менен өлбөстүн күнүн кечирген жакырлардын ажырымына нааразы болгон жүздөгөн кишилер форумдун салтанаттуу ачылышы болгон күнү Швейцариянын булуң-бурчунан келип, демонстрация өткөрүштү.

Мааракелик жыйынга 117 өлкөдөн 3 миңдей киши катышмакчы. Арасында 50 мамлекеттин жана өкмөттүн жетекчилери бар. Ошондой эле жогоруда сөз болгон эң бай миллиардерлер – Марк Цукерберг, Жорж Сорос, Билл Гейтс Давоско барышарын буга чейин билдиришкен.

Форумдун катышуучулары жаңы технологияларды жана кибер коопсуздукту өнүктүрүү, саламаттык сактоо, эмгек рыногунун жана бизнестин келечеги, куралдуу чатактарды жөнгө салуу жана башка маселелерди талкуулашмакчы. Быйыл негизги темалардын бири экология жана климаттын өзгөрүшү болмокчу.

Форумда жаш экологиялык активисттерге да сөз берилди. Швециялык Грета Тунберг планетанын глобалдуу ысышына каршы чара көрүү иретинде дүйнө лидерлерин жер алдынан алынган энергия булактарына инвестиция жумшабоого үндөдү:

- Климат жана айлана-чөйрө азыр бардыгын түйшөлткөн маселеге айланып турган кез. Жаштарга маселени сүрөөнгө алышканы үчүн рахмат. Албетте, башка өңүттөн алып караганда, көмүр кычкыл газынын эмиссиясы азайбагандыктан, чоң өзгөрүүлөр болууда деп айта албайбыз. Биз дал ушул максатка жетүүнү көздөйбүз.

Форумдун алкагында эки глобалдуу долбоор ишке кирмекчи. Билим берүү программасы 1 миллиард кишини камтыйт деп күтүлүүдө. Ошондой эле планетада 1 миллиард көчөт отургузуу демилгеси ишке ашырыла баштайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG