Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Түрткүнчүк тил түйшүгү


Бүгүн мамлекеттик тил күнү. Мындан туура жыйырма бир жыл мурда кыргыз тили мамлекеттик деген макам алган. Ошентсе да эгемендик алган жылдары тил саясатында чечкиндүүлүк байкалбагандай. Анткени ушул күнгө чейин мамлекеттин иш кагаздары ырасмий тилде айланып, кичинекей чиновниктен тарта президентке чейин ишмердүүлүгүн ырасмий тилде жүргүзүп келатышат.

СССРдин акыркы президенти М.Горбачевдун кайра куруу реформасынын эпкини менен саясий эркиндиктер пайда болуп, 1985-жылдан кийин Кыргызстанда да улуттук аң-сезим ойгоно баштаган. 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши “Мамлекеттик тил тууралуу” мыйзамды кабыл алган. Мыйзамга ылайык кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болуп, аны өнүктүрүү жагдайлары жана мамлекеттик мекемелерде колдонулуш тартиби такталган.

Андан бери арадан жыйырма жылдан ашык мезгил өттү. Эки президент өлкөдөн кубаланып, кыйын кезеңде үчүнчүсү шайланды. Бирок бардык башкаруучулар тушунда саясий элита ишмердүүлүгүн орус тилинде жүргүзүп, ушу кезге чейин мамлекетте иш кагаздары орус тилинде гана айланууда.

Эмне себептен 20 жылдан бери тил саясатында чечкиндүүлүк байкалган жок? Тилге болгон мындай мамиленин кесепети кандай болду? Ушул сыяктуу тилге байланыштуу толгон-токой суроолор тил күнүн майрамдоо өзүнөн-өзү ортого чыгат.

Кыргызча сүйлөөгө муктаждык жокпу?

Бишкекке келген кээ бир чет өлкөлүктөр оболу кыргызча үйрөнө баштап, бир аз өткөн соң орус тилине өтүп кетишет. Анын себебин элдин баары орусча сүйлөп атышканы, Бишкекте кыргызчадан көрө орусча билүү пайдалуу экендиги менен түшүндүрүшөт.

Педагогика илимдеринин кандидаты, “Заман Кыргызстан” гезитинин орун басар жетекчиси Абдыкерим Муратовдун пикиринде, Кыргызстанда саясий жана интеллектуалдык элита орус тилинде гана сүйлөп келаткандыктан, эне тилде сүйлөө муктаждыгы төмөндөп кеткен. Ошол себептүү азыркы тапта элет менен шаардын ажырымы тереңдеп кетти. Анткени орус тилдүүлөр элеттен келгендерди теңине албай, үстүртөн карашат, ал эми элеттиктер шаардыктарды тил билбегени үчүн кодулашат. Ушинтип отуруп эл арасында тилдик негиздеги жиктелүүлөр күч алууда. А.Муратовдун айтымында, мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн саясий эрк жана чечкиндүүлүк керек:

- Албетте мыйзамдык жагын да күчтөндүрүш керек. Анан кандайдыр бир шарттарды койсо жакшы болот. Маселен мамлекеттик тилди билген, жаза алган гана киши бийликтин аркандай бутактарында отурууга, эл башкарууга укуктуу дегендей. Эгер ал мамлекеттик тилди билбесе, кайсы бир белгиленген мөөнөттө тилди үйрөнүп чыгууга тийиш. Эгер ал берилген убакытта мамлекеттик тилди үйрөнө албаса, андан ары ал мамлекеттик түзүмдө иштей албайт деген сыяктуу эрежелерди киргизиш керек.

Кыргыз тили борбор шаарда сүйлөнбөй атканына тил боюнча мыйзамдын начарлыгы да себепчи дешет. Анткени анда иш-кагаздары, мамлекеттик деңгээлдеги жыйындар кыргыз же орус тилинде болушу керектиги айтылган. Балээнин баары дал ошол “же” деген сөздө экенин айткан журналист Жаныбек Жанызак, мыйзамдагы бул жерди “жана” деген сөз менен алмаштырып салуу зарылдыгын айтат. Ошондо гана кыргызча билүү милдеттүү болуп, муктаждык да пайда болмок.

Муну менен катар коомчулукта “иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү менен эле чектелбей, орус тилинен “ырасмий” деген макамды такыр эле алып, кыргызча билбегендерди мамлекеттик кызматка жолотпоо керек” деген пикирлерди таркаткандар да бар.

Тил саясаты кандай болуусу керек?

Тил саясатынын туура эместиги коомчулукта психологиялык ооруларды да пайда кылды дешет. Инсандык сапаттарды өнүктүрүү боюнча адис, Кыргыз билим берүү академиясынын Инновациялык билим берүү техникалары жана программалары секторунун башчысы Асылбек Жоодонбековдун пикиринде, айрым жетекчилер жыйындарда кыргызча сүйлөгөндөн кадимкидей уялышат. Анткени аларда “орусча сүйлөсөм акылдуу көрүнөм” деген өксүк комплекси бар. Ал эми мындай комплекс интеллигенциядан бат эле калың элге да сиңип кетти:
А.Жоодонбеков

- Дагы эле баягы күн карамалыгыбыздын кесепетинен Бишкекте кыргыз тили сүйлөнбөй атат. Маселен, айрым жетекчилер жыйындарды кыргызча алып баргандан уялат. Эмне себептен? Себеби аларда “Мен орусча билбегендей көрүнбөйүн, өзүмдү төмөн көрсөтпөйүн башкалардын көзүндө” деген сыяктуу комплекс бар. Меин пикирим кыргыз тилине көңүл бурулбагандын негизги себептеринин бири ушулар.

OIC компаниясынын камсыздандыруу боюнча башкы адиси Талант Кемеловдун айтымында, Бишкекте бел оорутуп, кол жоорутпаган жумушка орношуу үчүн сөзсүз түрдө орус тилин эркин сүйлөп, жаза билишиң керек. Ал эми дээрлик бардык ишканалар кыргыз тилин билүүнү талап кылышпайт. “Бишкектеги орус тилдүү бизнес чөйрөсүнө ушундай абал жагат. Биринчиден алар тил үйрөнүп баштарын оорутпайт, экинчиден атаандаштары азыраак болот”,- дейт Т.Кемелов.

Кыргыз тили мугалими Алтынбек Исмаиловдун ырасташынча, кала берсе кыргызчадан башка тилди билбеген тээ алыскы аймактар менен иштеген коомдук уюмдар да өз иштерин жалаң орус тилинде жүргүзүшкөнү таң калтырат. Ошол себептүү орусча билбестигинен улам түрткүнчүк болгондор кийин балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге берип, тил билбегендер саны шаар жеринде артып баратат.

Белгилүү жазуучу Бексултан Жакиевдин пикиринде, кылчактап Орусиянын көзүн караган доор дале бүтө элек. Андыктан өлкөдөгү бир дагы саясий күч тил жаатында өтө чечкиндүү кадамдарды жасабайт:

- Кыргыз тили мамлекеттик эле тил эмес, мамлекеттик жана ырасмий тил деп аталыш керек. Ырасмий деген сөздүн өзү беркинден жогору болуп кетет. Анткени күнүмдүк иште, башка мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө ошол ырасмий тил алдыңкы орунга чыгып кетет. Ал эми мамлекеттик тил деген жанагы Англиянын королевасындай эле болуп калат. Ошондуктан азырынча мыйзамдарыбыз мобундай чабал болуп аткандан кийин, Орусияга көз каранды жагыбыз болуп аткандан кийин, эгер саясий төбөлдөр алардан коркуп атышкан болсо, жок дегенде кыргыз тилине мамлекеттик жана ырасмий деген макам бериш керек.

Ошентсе да тил жаатындагы мындан аркы саясат 10-октябрда шайланып келчү парламенттин колунда болот. Кокус Орусияны катуу жактап, Кремлди пир туткандар бийликке келе турган болсо, абал ушул бойдон кала бериши ыктымал. Ал эми ачык болбосо да батышка ыктап калган күчтөр келсе, тил жаатындагы саясат да өзгөрүшү мүмкүн. Кандай болгон күндө да, кайсыл багыт жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына туура келет деген принцип сакталса болгону.

XS
SM
MD
LG