Дүйшөмбүдө АКШнын Айова штатында демократиялык партиянын алгачкы ички жыйыны - кокустар өтөт. Анда партиянын атынан президенттик жарышка катышчу талапкерди тандашат.
Адегенде президенттик орун үчүн ат салышабыз деген 25 киши чыкса, азыр 11 үмүткөр калды. Алардын ар бири жеңишке умутулуп, Дональд Трампты экинчи мөөнөткө өткөрбөйбүз деп убада беришүүдө.
Сурамжылоолор көргөзгөндөй, сенатор Берни Сандерс жана мурдагы вице-президент Жо Байден алдыда баратышат. Аларга удаа аз ажырым менен сенатор Элизабет Уоррен жана Саут-Бенд шаарынын мурдагы мэри Пит Буттижич келатат. Бирок кокустардын көпчүлүк катышуучулары добушун кимге беришерин аныкташа элек. Америкалыктар праймеризде бюллетень салышса, мында кол көтөрүп кимге артыкчылык беришерин билдиришет. 15 пайыздан аз добуш алган талапкердин жактоочулары көз карашын өзгөртүп, башка үмүткерди колдой алышат. Ошондон кийин добуштар саналып чыгып, штат боюнча жеңүүчү жарыяланат.
АКШда салт боюнча президенттик шайлоонун алдындагы ички партиялык жарыш 1970-жылдардан бери такай ушул Айова штатынан башталат. Президенттик шайлоо быйыл нобярда өтөт.