Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:10

Латын Америкасында денге илдети күч алды


Чымын-чиркейге каршы заттарды чачып жаткан боливиялык аскер. Санта-Круз. 2-февраль, 2020-жыл.
Чымын-чиркейге каршы заттарды чачып жаткан боливиялык аскер. Санта-Круз. 2-февраль, 2020-жыл.

Азияда коронавиурс жайылып, элди камтама кылып жаткан кезде Латын Америкасында денге илдети күч алды. Боливияда акыркы жумада кеминде 10 киши бул оорудан көз жумду. Дарыгерлер абалды өтө олуттуу деп мүнөздөп жатышат.

Боливиянын бийлиги догдурларга жардамга аскерлерди тартты. Алар айыл жергесиндеги жана чоң шаарлардын четиндеги турак жайларга чымын-чиркейге каршы заттарды чачып жатышат. Өлкөдө денге илдетине 10 миңге чукул киши чалдыкканы кабарланды.

Ооруну арбовирустар козгоп, чиркейлер ташыйт. Денгенин белгилери сасык тумоого окшоп кетет. Адамдын башы, булчуңдары, муундары ооруйт. Оор формасы өлүмгө жеткирет.

Адистер азыркы эпидемия дагы үч айга созулуп кетиши ыктымал дешет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул ооруну адам баласынын ден соолугуна кооптуу 10 негизги глобалдык коркунучтардын тизмесине киргизген. Ооруга каршы атайын дары-дармек жок.

XS
SM
MD
LG