Кечки радио эфир | 03.04.2023 | 300дөй хан сарайдын ээси салык төккөн эмес
Салык кызматы 287 хан сарайдын ээси мүлк салыгын төлөбөгөнүн билдирди. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугу жок ишке ашып жатканын сынга алышты. Израил полициясы Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен кагылышып, аймактагы кырдаал курчуп кетти.