Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

Дооронбек Садырбаев элге күйгөн залкар эле


Дооронбек Садырбаев, "Атажурт" партиясынын лидери, президент К.Бакиевдин режимине каршы нааразылык жыйынынын катышуучуларына кайрылууда. "Ала Тоо" аянты, Бишкек. 27.5.2006.
Дооронбек Садырбаев, "Атажурт" партиясынын лидери, президент К.Бакиевдин режимине каршы нааразылык жыйынынын катышуучуларына кайрылууда. "Ала Тоо" аянты, Бишкек. 27.5.2006.
Маркум Дооронбек Садырбаевдин (1939-2008) өмүрү менен ишмердигин кенен чагылдырган кызыктуу көргөзмө анын 75 жылдыгына арналды.

Кыргыз интеллигенттеринин башын кошкон чоң жыйын конференция залында уланды. Замандаштарынын бири, белгилүү инсан Түгөлбай Казаков Дооронбек Садырбаевдин кыргыз-орус тилдеринде эркин жазган чебер жазмакер болгонун, даректүү фильмдери эмгиче актуалдуулугун жоготпогондугун баса белгиледи:

- Документалист катары карап көргүлө. Жерге-Тал, Мургабдагы кыргыздарды тарткан фильмдерин көрүп канча кыргыз ыйлады, биякта отуруп. Биздин бийлик гана "кың" деген жок. Жөнөкөй көрөрмандардын баары ыйлады. Бүгүнкү күнгө чейин киши ыйлай турган абалда бойдон кала берди, ошолордун тагдыры.

Чыгып сүйлөгөндөр Дооронбек Садырбаевдин сөзгө чеберлиги, бир кезде Топчубек Тургуналиевди коргогон “тили буудай кууруган” адвокат да боло алганы, анын юридикалык да билими тереңдигин билдирет дешти. Көрсө ал, бул ишти колго аларда, байыркы римдиктердин юриспруденциясынан бери казып окуп чыгыптыр.

Өмүрлүк жары Сонунбүбү Садырбаева "Докем өмүрү өткөнчө эл үчүн, жер үчүн деп күрөшүп жашаган" деди:

- Каркыраны сатканда аябай күйдү да. Каркыраны мен өзүм көргөн эмесмин. Бирок "Манасты" окуганбыз да - ошондо кандай жазылат, ал Каркыра! Бир ыйык нерсе кеткендей болду да!..

Дооронбек Садырбаевдин дагы бир замандашы, филолог окумуштуу Кадыралы Коңкобаев Дооронбек Садырбаевдин “Кайран эл” фильмин көргөн адамдардан экен:

- Эч кимдин оюна келе элек кезде, элдин эсинен чыкпасын, жаш муун, урпактар унутуп калбасын деп “Кайран элди” тарткан. Артынан аябай саясий куугунтук болгон. Ал оруска каршы экен деп, фильмди көргөзбөй ошо кездеги жетекчилерибиз ал кишини азапка салган. Ошого карабастан “Кайран эл” деген фильмди жаратып кетти. Эң өкүнүчтүүсү, кыргыз эли ал кино менен эмгиче толук тааныш эмес.

Кадыралы Коңкобаев Дооронбек Садырбаевдин жазган эмгектери быйыл май айына чейин басмадан чыгарыла тургандыгын да айта кетти:

- Бир жылдан бери мен окуучуларым менен Дооронбек акенин, агабыздын калган тексттеринин баарын чогулттук. Кудай буюрса, ушу май айына карата чыгарсакпы деген ниеттебиз. Анын бүткүл тексттери беш томго сыйдырылды. Ошо беш тому жарык көрөт.

Садырбаевдердин үй-бүлөсүндөгү алты бир туугандын эң кичүүсү Кубанычбек Садырбаев "Дооронбек агамдын көп жакшы сапаттары бар эле, ошол жакшы сапаттарынын баарын эстеп отурабыз. Өтө боорукер эле, жөнөкөй, өз оюн жөн гана айтып койчу" деп эскерди:

- Арак ичкендерге өтө каршы турчу. Мага айтып калчу: "Эгерде сен кандай күнөө кылсаң дагы мен милициядан куткарып калам. Эгерде сен арак ичип алып милицияга түшсөң, күнөөсүз болсоң да сени күнөөлөп коюшат. Эч качан арак ичпегин", - деп, мени ушуга тарбиялоочу. Атам Садырбай колхоздо башкарма болуп иштеген, бухгалтер болуп иштеген киши. Өтө ар кырдуу, таланттуу киши болгон атабыз. 1954-жылы 9-декабрда рак ооруусунан кайтыш болгон. Агам аны "мен айыктырам" деп келип, мединститутка тапшырган. Кийин чыгармачылык жакка ооп кетип, төртүнчү курстан таштап кетти.


Кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тууралуу кыска маалымат:

1939-жылы, 13-февралда Ноокен районунун Апыртан айылында туулган.
2008-жылдын 28-майында Бишкекте катуу оорудан кийин каза болгон.
Белгилүү инсан быйыл 75 жашка чыкмак.

Ал 80 даректүү, 18 көркөм телекинофильмдерди тартып, ар кыл мазмундагы 12 китепти жарыкка чыгарган.

Белгилүү фильмдери:
«Тизгинди бек карма», «Ата Журт», «Жер киндиги Жерге-Талда», «Журтумдун көрөңгөсү» деген даректүү фильмдер;
«Топчу», «Арман», «Түркүн тагдырлар», «Махабат дастаны», «Акбаранын көз жашы», «Кайран эл» көркөм тасмалары.
XS
SM
MD
LG