Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Казакстан көкпардан жеңүүчү болду


IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын беттеши. 2-октябрь, 2022-ж.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын беттеши. 2-октябрь, 2022-ж.

Түркиянын Изник шаарындагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар (жер улак) боюнча таймаштарда Казакстандын командасы жеңүүчү болду.

Жеринен "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 2-октябрдагы финалдык беттеште Кыргызстан менен Казакстандын командасы ойноп, 3:4 эсебинде казак командасы утту.

Оюндун 1-таймы 2:2 эсебинде аяктаган жана 2-таймда казак көкпарчылары эки улакты чийимге таштаса, кыргызстандыктар бир улакты чийимге жеткирген. Өзбекстан бул таймашта 3-орунду ээледи, алар 3-орун үчүн беттеште түркиялыктарды 11:2 эсебинде утуп алды.

Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришкендей, Кыргызстан көкпардан өз тайпасында Түркияны утуп (9:3), экинчи беттешинде Венгрия оюнга чыкпаганынан улаам финалга чыккан. Казакстан Монголияны 12:2 эсебинде утуп, Өзбекстан аты жок болгондуктан оюнга чыкпай, финалга катышкан эле.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар менен кошо көкбөрү дагы ойнолуп жатат. Улуттук спорттун бул түрүнөн 2-октябрдагы финалдык оюнда дагы Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешет.

Көкбөрүдөн Кыргызстан 1-октябрда Түркия командасын 7:6 эсебинде утуп алган. Венгриянын, Ооганстандын жана Монголиянын командалары аргымактары жок, оюнга чыга алган эмес.

Кыргызстан менен Казакстандын командаларынын финалдык беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-октябрда аяктайт. Бул күнү спортчулар көк бөрү, көкпар (жер улак), казак күрөш, бел боо күрөшү, пехливани күрөш жана бүйүк күрөштөн күч сынашат.
Көчмөндөр оюндарына 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда. Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышууда. (ECh/ELB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG