Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Жемилев: Бизди кармоонун артында Москва турат


Мустафа Жемилев
Мустафа Жемилев

2-июндун таңында “Манас” аэропортунда Украин парламентинин мүчөсү, крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин жардамчысы Рустем Умеров үч сааттай кармалып, анан кайра коё берилди.

Бишкекке учуп келгенден кийин "Манас" аэропортунда болгон окуяны Жемилев "Азаттыктын" журналистине мындайча баяндады:

Жемилев: Мен Бишкекке Европа кеңешинин Парламенттер ассамблеясынын миграция боюнча комитетинин чакыруусу менен делегат болуп учуп келгем.

Эки күндүк конференцияга украин парламентинин депутаты жана ПАСЕдеги украин делегациясынын мүчөсү, украин президентинин крым татарлары боюнча атайын өкүлү катары келгем.

Киевден Бишкекке түз аба каттамы жоктугунан Москва же Стамбул аркылуу гана келүүгө болот экен. Мага болсо Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган, Москва аркылуу уча албайм. Анан биз убакытты үнөмдөп, Дубай менен учуп келүүнү чечтик, Стамбулда болсо беш-алты саат күтүп калмакпыз. Бишкекке таңкы беште келип кондук, конференциянын башталышына үч жарым саат калган.

Документтерибизди текшерүүгө алып кетишти, анан эле эки-үч мүнөттөн кийин менин жардамчым Рустем Умеровду чакырып калышты. Бир топ өттү, дагы эле жок. Жарым сааттан кийин ал өзү телефон чалып, аны камакка алып жатышканын айтты. Себеби эмне деп сурасам, эч нерсе айтылбаганын, азыр милиция келип алып кетерин айтты. Андан соң мен туш тарапка телефон чала баштадым, Украинанын тышкы иштер министрине СМС жибердим, Президенттик администрацияга, элчиликке телефондон кабар жибердим. Жардамчым аркылуу Түркиянын элчилигине, Европа кеңешине кабарладык.

Эки жарым - үч саат кармашты, бул маалда бизге эч нерсе айтышкан жок. Анан Украинанын Кыргызстандагы убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү келгенден кийин менин паспортумду алып чыгып беришти. Эмне болгонун сурадым. Алардын сөзү боюнча менин жардамчым Рустем Умеровду аты уйкаш кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсүнө окшоштуруп, алмаштырып алышыптыр.

Мага ушунчалык одоно көрүндү, эмне үчүн паспортумду бербей коюшканын сурадым. “Эки паспорт тең сиздин жардамчыңыздын колунда болчу” – деп айтышты. Бул калп, анткени ага дагы паспортту беришкен эмес. Биздин элчи келгенден кийин гана паспортту кайра беришти.

Ушундай жагымсыз окуя болду. Андан кийин биз өз булактарыбыз аркылуу билгендей, эч кандай бирөөгө окшоштуруп алган нерсе болгон эмес. Мунун баары “москвалык аганын” көрсөтмөсү болгон. Алар муну менен эмнени көздөгөнүн түшүнбөй калдым. Бул жерде алар “кожоюн” экенин, бул Москванын таасириндеги жер экенин, Украинанын жарандары менен өкүлдөрүнө мамилесин көрсөткүлөрү келдиби – муну дагы тактайбыз.

"Азаттык": Жогорку Раданын депутаты катары бул боюнча атайын билдирүү жасайсызбы?

Жемилев: Эми бул окуя тууралуу кабарлар интернетти каптап кетти. Ошол эле жетиштүү го. Мен бизге тууган Кыргызстанга жаманчылык каалабайм. Ал эми Москвадан көз каранды саясатын көргөндө, албетте, жүрөк ооруйт.

"Азаттык": ​Бул окуя тууралуу кыргыз бийликтери менен сүйлөштүңүзбү?

Жемилев: Силердин президентиңер экөөбүз сыртыбыздан таанышпыз, аны менен жолуксам деген оюм бар болчу. Бирок Түркияга беш күнгө кетиптир. Андыктан жолуга албай калабыз. Мурдагы президент Роза Отунбаева менен жакын мамилебиз бар эле, ал биздин өлкөгө бир нече ирет келген. Азыр аны менен байланышууга аракеттенбиз, андан башка эч ким деле жолугайын деген планым жок. Башынан эле конференциядан сырткары президент менен жолугушууга ниетим бар болчу. Бул тууралуу президенттин администрациясы менен сүйлөшүүлөр дагы жүргөн эле.

Жемилев: Москванын көрсөтмөсү менен болгон иш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:28 0:00

XS
SM
MD
LG