Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Жохар Царнаев жана анын үй-бүлөсү

Жохар Царнаев 2013-жылы 15-апрелде Бостондо болгон жардырууга күнөөлүү деп табылды. АКШнын федералдык сот арачыларынын өкүмү 2002-жылы үй-бүлөсү АКШга көчүп келген чечен жигиттин тагдырын чечкени турат.

Жохар Царнаев 2013-жылы Бостондо үч адамдын өлүмүнө, 260 адамдын жаракат алуусуна алып келген массалык кыргын салчу курал колдонгону үчүн күнөөлүү деп табылды. Мындан тышкары ага полиция кызматкерин өлтүргөн жана автомобил уурдаган деген айып тагылууда. Эми федералдык сот арачылары аны жазага тартуу боюнча чечим чыгарышы керек, ага ылайык 21 жаштагы соттолуучу өлүм жазасына тартылып же өмүр бою мунапыс албай, абакта калышы ыктымал.

Царнаевдин жактоочусу башында Жохар агасы Тамерландын таасири менен ушул ишке барган деп жатса, акыр-аягында анын күнөөсүн моюнга алды.

Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Кыргызстанда жашаган. Мындан кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда жер которушуп АКШга барышкан. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG