Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:05

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө доллар курсунун көтөрүлүшүн “суроо-талаптын өсүшү жана жергиликтүү базардагы АКШ валютасынын таңсыктыгынан” улам болууда деп түшүндүрүүдө.

Өлкөнүн башкы валюта жөндөөчү мекемесинин билдиришинче, жыл башынан бери сомони долларга карата 6,6% төмөндөдү.

Учурда расмий акча алмаштыруу жайларында 100 АКШ доллары 850-890 сомони болуп жатат. Расмий маалыматка ылайык, учурда долларга болгон суроо-талап 13 пайызга өскөн. Мындан улам расмий курс менен көмүскө базардагы доллардын наркында чоң айырма келип чыкты. Аналитиктер курстагы айырма 7,2 пайызды түзгөнүн айтышууда. Буга чайкоочулук фактору таасир этип, коомчулуктун насыя мекемелеринен массалык түрдө доллар алуусу да кошулду.

Улуттук банк көмүскө валюта базарына каршы күрөштү күчөткөндөй. Чет элдик валюталар менен соода жүгүрткөндөрдү аныктап прокуратурага өткөрүп берүүдө. Жыл башынан бери көзөмөлдөөчү органга Улуттук банк аныктаган 208 жеке жактардын мыйзам бузуу иши тапшырылды. Башкы проркуратура анын 159уна административдик айып тагып, 49 факт боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тажикстан.
Тажикстан.

Тажикстан Улуттук банкынын билдиришинче, доллар тартыштыгы жана суроо-талаптын өсүшүнө бир нече фактор таасир этүүдө. Аларды санай турган болсок, жер айдоого байланыштуу күйүүчү май, жер семирткич сыяктуу сырттан ташылып келген сезондук товарларга жана насыя мекемелеринде жеке жактардын аманатын кайтарып берүү үчүн накталай долларга суроо-талаптын өсүшү. Ошондой эле мамлекеттин айрым негизги прграммаларына чет элдик валюта менен акча салуу таасир эткен.

Доллардын өсүүсү базардагы бааларды кошо көтөрдү. Бул абал карапайым элдин чөнтөгүн кагууда. Абал боюнча тажикстандыктардын пикири мындай болду:

- Доллардын курсунун көтөрүлүшү жашоо турмушка таасир этүүдө. Ал базардагы баалардын өсүшүнө алып келди. Дүкөндөрдө баалар өзгөрүп баштады. Айрым товарлардын баасы эки эсеге өскөнүн көрүүгө болот.

- Доллардын көтөрүлгөнү кадимкидей эле сезилип жатат. Баалар кошо көтөрүлүп, жашоо кыйындай баштады.

Ал ортодо акыркы жумада сомони наркы долларга гана эмес, башка валюталарга карата да төмөндөп кетти. Маселен, мурда 1000 орус рубли 145 сомонини түзсө, азыр 153 сомониге жетти.

Тажикстан борбору Дүйшөмбүдөгү базар.
Тажикстан борбору Дүйшөмбүдөгү базар.

Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, алар товарлардын көбүн чет өлкөдөн долларга сатып алышат, ошондуктан америка валютасынын тартыштыгы бизнеске чоң зыян келтирүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Улуттук банкы Тажикстандын валюта базарында доллардын баасы кескин жогорулаганын "белгилүү бир топтордун көмүскө базардагы чайкоочулугуна" байланыштуу болууда деген.

Былтыр март айында Тажикстандын парламенти чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү 4 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратуу мыйзамын колдогон. Муну Улуттук банк сунуштап, валюта менен мыйзамсыз соода кылгандарды жана алардын кардарларын жоопко тартуу керектигин билдирген. Бул чет өлкөлүк валюта курстарынын көтөрүлүшүн алдын алууга жардамдашат деп эсептешет.

2016-жылы январда президент Эмомали Рахмон көз боёмочулук, кызыл кулактыкка жол бербөө үчүн акча алмаштыруу банктарда гана жүргүзүлүүгө тийиш деп айткан. Ошол кезде Тажикстандын улуттук валютасы - сомони үч айдын ичинде эле 30 процентке арзандап кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG