Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Нышанов: Сауд Арабиядан инвестиция тартуу реалдуу


Сайдулла Нышанов
Сайдулла Нышанов

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация өткөн жумада Сауд Арабиясында иш сапар менен болду.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация өткөн жумада Сауд Арабиясында иш сапар менен болду.

Сапар учурунда кандай маселелер талкууланды жана Сауд Арабиясынан республиканын энергетика тармагына инвестиция тартуу канчалык мүмкүн?

Мына ушул жана башка суроолорго Сауд Арабиясына иш сапар менен барган делегациянын мүчөсү Сайдулла Нышанов жооп берди.

“Азаттык”: Сиздер Сауд Арабиясынын падышасынан тартып, Каржы министрлигине чейин жолугушуу өткөргөнүңүздөр кабарланды. Алар кайсы тармактарга кызыгуусун көрсөттү?

С.Нышанов: Эми туура бааласак, Сауд Арабиясынын бир жылдык бюджети биздин 400 жылдык бюджетибизге тең келет экен. Алар үчүн Кыргызстан экономикасы көп деле кызыкчылык туудурбайт. Бирок ислам дининдеги боордош өлкөгө жардам берип, колдоо максаты бар экени байкалды. Бүгүнкү күндө кыргыз өкмөтү тараптан так жана даана долбоор берилбегени мага ошол жакта айкын болду. Алар бардык тараптар боюнча бизди колдоого даярдыгын билдиришти.

“Азаттык”: Сайдулла мырза, Кыргызстан Орусия менен келишимдер бузулгандан кийин ГЭСтерди куруу үчүн инвестиция издеп жатат. Сауд Арабиясынан андай инвестиция тартуу канчалык реалдуу?

С. Нышанов: Менин оюмча, 70-80% реалдуу. Аларда мүмкүнчүлүк бар экен. Мен бир эле мисал келтирип кетейин, алар бир мечитти курууга 30 млрд. доллар сарптап жатышыптыр. Ошондуктан бизге жумшала турган акча алар үчүн билинбей калат. Бизге айтканына караганда, аларга биз тараптан бүгүнкү күнгө чейин документтери такталган долбоор сунушталбаптыр. Биздин бийликтен да көп жаңылыштыктар кеткенин байкадык. Алар да түшүнүп турат. Мына Орусияга көп ыктап, ишенип алганыбыз жаңылыштык болуптур.

“Азаттык”: Мунайга баанын арзандашы Сауд Арабиянын бюджетинде абдан чоң тартыштыкты пайда кылганы маалымат каражаттарында кабарланган. Жетекчилерден бул байкалдыбы?

С.Нышанов: Негизи ошондой маалыматтар айтылды. Биз аз убакытта болгондуктан байкай албай калышыбыз мүмкүн. Бирок алар кара майга эч көз каранды болбогон бюджетти келерки 5-6 жылда аныктап, башка булактарды табабыз дешти. Баалардын түшүүсү аларды көп эле проблемага алып келе тургандай эмес.

“Азаттык”: Сауд Арабия вахабизмдин уюгу катары белгилүү. Ал өлкөдө окуп жаткан жаштар мына ошол агымга сугарылып келип, бул жакта карама-каршылыктарды күчөтпөйбү?

С.Нышанов: Менин оюмча, ар бир окуган студенттин алган билимине жараша болот экен. Ал эми агымдар боюнча алганда, ал жерде канзаада бизге айтты, Сауд Арабиясында вахабизмди колдобосун билдирди. Вахабизмди таңуулаган киши 300 жыл илгери жашаганын айтты. Мени өтө ынандырганы, ал жерде билим боюнча бекем тартиптин бар экени болду. Ал жерде кыргызча айтканда “ар ким өзүнүн намазын окуй албайт” экен. Алардагы диний абал биздеги аша чапкандарга караганда бир топ жагымдуу экен.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG