Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

“Кыргызтесттен” өткөн абитуриенттер жеңилдик алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына өтүүдө кыргыз тилине артыкчылык берилерин жарыялады. Бул жол-жобо ушул жылдан баштап иштей баштайт. Ага ылайык, мектеп окуучулары 1-марттан баштап "Кыргызтесттен" өтө баштаса болот.

Башка тилдерге басым жасаган билим берүү мекемелеринин айрым өкүлдөрү бул сунуш мектеп окуучуларына жүктөлгөн дагы бир ашыкча түйшүк экенин айтып жатышат.

Билим берүү жана илим министрлиги тараткан маалыматта мектепти кыргыз тилинде аяктаган окуучулар мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес, орус, өзбек, тажик тилинде окуган окуучулар А2 деңгээлинен кем эмес билерин тастыктаган сертификатка ээ болсо, окууга өтүүдө артыкчылык берилери айтылган.

«Кыргызтесттин» жетекчиси Батма Топоева көрсөтүлгөн деңгээлдерди төмөндөгүдөй түшүндүрдү:

Батма Топоева.
Батма Топоева.

- Жалпы билим берүү мекемелеринде үч деңгээл көрсөтүлгөн. А1 - бул башталгыч класстагы окуучулардын деңгээли. Тактап айтканда алар жок дегенде 850-900 лексикалык сөз бирдигин өздөштүргөн балдар. Булар 1-5-класстын окуучулары. Кийинки А2 -деңгээли 5-8-класстын деңгээли болуп эсептелет. Бул окуучу 1300-1500 сөз бирдигин билет деген сөз.

Топоева кыргыз тилинде мектепти бүткөн балдар мамлекеттик тилди В1 деңгээлинде өздөштүрүп, тактап айтканда үч миңден ашык сөздү пайдаланганды билиши керек экенин кошумчалады.

Коомчулук арасында кыргыз тилдүү мектептерде билим берүүнүн сапаты башка тилде билим берген мектептерге салыштырмалуу начар экендиги, мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн заманбап усулдары иштелип чыкпаганы, адистердин, окуу куралдарынын жетишпегени айтылып келет. Адистер мындай шартта жогорудагыдай жол-жобонун кириши башка тилдүү окуучулар үчүн дагы бир түйшүк жаратарын белгилеп жатышат.

«Youth of Osh» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Назгүл Акылбек кызы мындай жол-жобо кандай муктаждыктан улам келип чыкканын түшүнө албай турган экен.

- Кыргыз тилдүү окуучулардын саны ансыз деле көбөйүп жатат, - дейт ал. - Бизде азыр, тескерисинче, орус тилдүүлөр азайды. Экинчи суроо: бул тестке акы төлөнөбү же бекерби? Эгер акы төлөнүүчү болсо, анда бул сунуш деле катардагы эле акча жасоонун жолу эмеспи деген суроо пайда болот. Себеби окуучулар ансыз деле жалпы республикалык тестке даярданыш үчүн курстарга акча төлөшөт.

Назгүл учурда айыл жерлериндеги мектептерде орус тили боюнча адистер жетишпей жатканын айтып, Билим берүү министрлиги тескерисинче ушул маселелерди чечсе болмок деп эсептейт.

Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун айтымында, сөз болуп жаткан жол-жобо күтүлбөгөн жерден келип чыккан жөн салды жумуш эмес. Ал өлкө президенти 2014-жылы кол койгон «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашып жаткан стратегиялык пландардын бири.

Кудайберди Кожобеков.
Кудайберди Кожобеков.

- Бул боюнча бардык тиешелүү чечимдер кабыл алынган, - деди министрдин орун басары. - Мектептеги программалар, стандарттар ошого карата иреттелген. Бул жол-жобону жат, жаңы эреже дегенге болбойт. Негизи эле Кыргызстандагы мектепти бүткөн балдар мамлекеттик тилди билүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн деңгээл менен чыгышы керек. «Сөзсүз тест тапшырбасаң мындай болосуң, андай болосуң» деген маселе да жок. Жыл сайын эле мисалы чемпиондорго, республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө артыкчылыктар бар. Алар качан берилет? Мисалы бир орунга эки абитурент бирдей балл менен ат салышып калганда. Эми мындан кийин ошол сыяктуу жеңилдикке «Кыргызтесттен» өткөн окуучулар да ээ болот. Акырындап отуруп бул жол-жобо күчөтүлүшү мүмкүн.

Кожобеков мектеп бүтүрүүчүлөрү «Кыргызтесттен» өтөр-өтпөсү өздөрүнүн ыктыярындагы маселе экенин баса белгиледи.

«Кыргызтесттин» жетекчиси Батма Топоеванын айтымында, окуучулар мамлекеттик тилди билүү сынагынан өтүш үчүн акча төлөйбү же төлөбөйбү, азырынча белгисиз экен.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG