Борбор Азияда турмушка чыккандан кийин кыз-келиндерге такай берилип келген суроолор бар. Ал кайын журт, тууган-урук, жада калса колу-коңшу, тели-теңтуштар тарабынан узатылат. "Качан төрөйсүң?", "Ичиңде бирдеме барбы?", "Боюңда дале боло элекпи?", "Эч нерсе байкалбайт го? Баары жайындабы?" деген сыяктуу суроолорду түгөйлөр, айрыкча келиндер турмуш кургандан бир нече ай өткөндөн кийин уга баштайт.
Анткени, коомчулукта жаш үй-бүлө турмуш кургандан кийин бир жылда балалуу болуп, тукум улашы керек деген түшүнүк бар.
Бирок акыркы жылдары чөлкөмдөгү мамлекеттерде көпчүлүккө жат болгон "чайлдфри" түшүнүгү айтыла баштады.
Кимдир бирөө муну ата-эне болуу, болбоону өзү чечүү укугу десе, кимдир бирөө улуттук баалуулуктарга каршы келген тескери түшүнүк деп эсептешет.
"Чайлдфри" дегенди англисчеден кыргызчага оодарганда "балдардан эркиндик" дегенди түшүндүрөт. Ал 1970-жылдары АКШда пайда болгон. Сhildless же "тукумсуз" деген терминге караганда "чайлдфри" ата-эне болуудан аң-сезимдүү жана өз ыктыяры менен баш тарткандарды туюндурат.
Убакыт өткөн сайын бул түшүнүктүн айланасында ата-эне болуу чечими ар кимдин өз эрки деген көз караштагылар чогула баштаганы байкалып жатат.
Борбор Азияда аң-сезимдүү түрдө балалуу болуудан баш тарткандар канча экени тууралуу статистика белгисиз.
Ошол эле кезде "Чайлдфри" жапырт мүнөзгө ээ болуп баратат деп айтууга болбойт. Төрөгүсү келбеген аялдар туугандары, коомчулук тарабынан басым-кысымга, сынга, айыптоолорго көп кабылат.
Ушундан улам айрымдары өз чечимин өзгөртүп, балалуу болууга умтулат. Кээ бири бул убактылуу эле чечим экенин, ата-энелик жоопкерчиликти шашпай аркалагысы келерин айтышат.
"Балалуу болгум келбейт"
Кыргызстандык Айзирек Алмазбекова 28 жашта. Эл аралык уюмдардын биринде менеджер болуп иштейт. Турмушка чыкканына беш жыл болду. Азырынча балалуу боло элек, анткени күйөөсү экөөнүн чечими ушундай болгон.
"Мен мурдатан эле балалуу болгум келчү эмес, бул азыр эле пайда болуп калган жок. Бала төрөө эч качан менен дүйнө таанымымда болгон эмес", — дейт ал.
Айзирек күйөөсүн мектепте окугандан бери тааныйт. Экөө 9-класста сүйлөшүп баштаган. Анын айтымында, түгөйлөр үлпөт тойго чейин эле келечек тууралуу талкуулай баштаган, акырында экөө тең балалуу болуп кереги жок деген тыянакка келигкен.
"Биз бул маселени сүйлөшүп жүргөндө эле талкуулаганбыз. Биз башынан эле балалуу болууну каалаган эмеспиз", — дейт ал.
Жубайлар өз чечимдери тууралуу тууган-урукка айткан эмес. Өз позицияларын айлана-тегеректегилерге түшүндүрүүнүн кажети жок деп эсептешчү.
Бирок алардын үй-бүлөсүндө балалуу болуу тууралуу маселе көтөрүлбөй койгон жок. Алгач кайненеси, андан кийин өз энеси суроо салганда Айзирек күйөөсү экөөнүн чечими тууралуу айтып, катуу, эмоционалдуу реакцияга кабылган:
"Алар абдан таң калышып, "минтип айтканга болбойт, кыргыздарда мындай болбошу керек, эгер кесир кылсаң Кудай сага бала бербейт", - деп айтышты.
Айзиректин пикиринде, көпчүлүк аялдын негизги милдети деп эсептеген нерседен, башкача айтканда энеликтен баш тартып, ошол эле учурда коомдук айыптоого кабылбоо дээрлик мүмкүн эмес:
"Менин оюмча, жалпысынан патриархалдык коомдо аял болуу оңой эмес. Ал эми Борбор Азиядагы коомдордун канчалык патриархалдык экенин эске алганда, бул андан да оор. Сен өзүңдүн негизги ролуң деп саналган төрөөнү тандабай койсоң, албетте, коомдук сын-пикирге кабылбай коюу мүмкүн эмес".
Ал мындай мамиленин себеби коом күткөн нормаларга туура келбөөдө деп эсептейт:
«Өзүңдү тандап, коом белгилеген норма боюнча жашоодон баш тартуу көп адамдардын түшүнүгүндөгү чектен чыгып кеткен көрүнүш болгондуктан, көп учурда айыпталат».
Айзирек, кеңири тараган ишенимге карама-каршы, балалуу болбоо чечими ата-эне болуу чечимине караганда ички ой жүгүртүүнү талап кылаарын мойнуна алат.
"Балалуу болбоо чечими абдан аң-сезимдүү чечим деп ойлойм, анткени сиз өзүңүздөн дайыма сурап турушуңуз керек: сиз чын эле балалуу болгуңуз келбейби? Мен дагы эле өзүмөн чечимимди биротоло кабыл алдымбы деп сурайм. Жана баары дайыма айткандай, кийин өкүнүп калбоо үчүн бул суроону дайыма кайталап турам", - дейт ал.
Феминисттик көз караштагы Айзирек гендердик теңчилик маселесин көп иликтейт. Аялдар төрөттөн кийин олуттуу кыйынчылыктарга кабыларын, карьерасы жолдо калып, финансылык абалы начарлай турганын, ден соолугу алсырап, уйкусуздуктан организмге зыян келерин, күйөөсүнүн кирешесинен көз каранды болуп каларын айтат.
Бактылуу деп саналган жашоодо деле мындай коркунучтар эч кайда кетпей турганын айтып: "Мен өзүмдүн өнөктөшүмө ишенем, аны сүйөм. Бирок биз аялдар бала төрөгөндөн кийин аярлуу позицияда каларын көрүп атабыз", - дейт Айзирек.
Анын пикиринде, ата-эне болуу же андан баш тартуу чечими коомдук пикирлерге эмес, адамдын өзүнүн каалоосуна жараша болушу керек.
"Мага биздин коомдо бул андай деле каалоо эместей туюлат. Ооба, төрөш керек, турмуш курдуңбу, төрөш керек", - деген сыяктуу эле болуп жаткандай.
"Эне болуудан бакыт көргөн жокмун"
Марина 30 жашта, Казакстандын тургуну. Кыргызстандык Айзиректей эле ал өзүн чайлдфри деп эсептейт.
Эне болуудан баш тартуу анын акыркы чечими эмес, бирок азыр балалуу болгусу келбей турганын айтып берди.
"Бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, билбейм, бирок 30 жаштагы азыркы жашоомдо эмнегедир менде балалуу болууга каалоо да, даярдык да жок, - дейт ал.
Марина жашоосунун бир бөлүгүн оор илдетке кабылып, төшөк тартып жатып калган апасын карап өткөргөн.
"Апам ооруп калганда 19да болчумун, азыр 30дамын. Жаштыктын жылдары стресс менен өттү. Ошондуктан азыр жашоодо жаңы жоопкерчилик алууга эмоционалдык ресурс жок, — дейт ал.
Маринанын айтымында, айланасындагы адамдардын «качан балалуу болосуңар?» деген суроолору аны ойго салат. Ал азыр апасын карап, дайыма анын жанында болуп жүргөнүн, ошондуктан кошумча жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей турганын айтат. Анын сөзүнө караганда, апасын багуу милдети болбосо дагы, баары бир балалуу болууну каалабайт эле. Ал муну жөн гана шылтоо катары көрөрүн да жашырбайт.
25 жашка чейин энелик тууралуу дээрлик ойлонгон эмес. Жолдошу экөө жашоосун саякаттарга, кызыгууларына жана орток кыял-максаттарына арнап келишкен. Кийинчерээк ал өзүнө «Балким, мен энеликке али даяр эмесминби, убакыт өткөн сайын балага болгон каалоо пайда болобу?» деген суроону бере баштаган. Бирок 30 жашка келгенде анын көз карашы мурдагыдан да бекемделген.
Марина балалуу болгон курдаштарын карап, алардын жашоосу таптакыр башка нукка түшкөнүн байкайт. Анын айтымында, алардын көбү өздөрүнө таптакыр убакыт калбай калганын, кээде ажатканага кирүүгө же бир чыны чай ичүүгө да шарт болбой турганын ачык эле айтып келишет. Албетте, энеликтин жакшы жактары да бар экенин, балага болгон сүйүү жана жакындык өзгөчө сезим тартуулай турганын түшүнөт. Бирок өзү бул тууралуу ойлонгондо эч кандай ички каалоо же толкундануу сезбей турганын айтат. Анын ою боюнча, жашоодогу кубаныч башка нерселерден табылат.
Ошол эле учурда ал өзүн жүз пайыз чайлдфри деп эсептебейт.
Анын күмөн саноосуна дагы бир себеп болгон жагдай – коркунуч. Марина оор дарт менен төрөлгөн баланын энеси болуп калуудан чочуйт. Кээ бир ооруларды жана кемчиликтерди кош бойлуулук учурунда алдын ала аныктоо мүмкүн эмес экенин билет жана дал ошол тобокелчиликтен да чочуйт. Анын пикиринде, өзүнүн да, баланын да өмүр бою азап тартканынан көрө, баласыз жашоо туурараак тандоо болмок.
Мындан тышкары, ал коом тарабынан болгон басымды дайыма сезип турарын айтат. Туугандары жубайлардан качан балалуу боло турганын улам сурап турушат. Айрыкча мындай суроолорду дээрлик тааныбаган адамдар бергенде анын кыжыры келет. Маринанын айтымында, анын жана жолдошунун ордуна балалуу болуу тууралуу чечимди эч ким кабыл алууга укуктуу эмес. Ошондуктан мындай суроолорго көп учурда «Азырынча каалабайбыз» деп кыска жооп берет.
Убакыт өткөн сайын ал өзүнө окшогон адамдар көп экенин байкай баштаган. Социалдык тармактарда көптөгөн аялдар эне болууну каалабай турганын ачык айтып же мындай түшүнүккө балалуу болгондон кийин гана келишкенин бөлүшүшөт. Маринанын айтымында, ушундай окуяларды канчалык көп окуса, балалуу болууну каалабай турганын ошончолук жакшыраак түшүнөт.
Анын көз карашында, ар бир адамдын тандоосун урматтоо эң жөнөкөй жана табигый принцип болушу керек. Эгер адамдын тандоосу эч кимге зыян келтирбесе, анда эмне үчүн ошондой чечим кабыл алганын сурап, негиз талап кылуунун кереги жок деп эсептейт.
Марина үчүн азыркы учурда жашоодогу негизги артыкчылыктар саякаттоо, жаңы таасирлерди алуу жана өз жашоосун өз каалоосуна жараша эркин башкаруу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
"Азыр адамдар тукумун улантуу же жашоо үчүн улам-улам балалуу боло берүүгө муктаж эмес. Мурдагы калыптанып калган түшүнүктөр акырындап артта калып бараткандай. Азыр жашоодон рахат алууну биринчи орунга койгон адамдар көбөйдү. Алар өз каалоосу менен жашап, өздөрүнө жаккан нерселерди жасап, эски салттуу түшүнүктөргө сөзсүз эле баш ийе беришпейт. Эгер мен качандыр бир күнү балалуу болууну чечсем, анда ал таптакыр башка окуя болот", — деди Марина.
32 жаштагы Амина Тажикстандан болот. Бул өлкө Борбор Азиядагы төрөт көрсөткүчү жогору мамлекеттердин бири. Ал жолдошу менен дээрлик 10 жылдан бери жашайт. Бирок өзүн эч качан чайлдфри деп атаган эмес, анткени бул сөз ага өтө оор угулуп, коомчулуктун терс көз карашына кабылган.
Ошондуктан өзүн андай адамдардын катарына кошуудан да коркчу.
Амина салттуу үй-бүлөдө чоңойгон. Ал чоңойгон чөйрөдө балалуу болуу жашоонун табигый жана милдеттүү бөлүгү катары кабыл алынат. Анын сөзү менен айтканда, алардын коомунда балдар өзүнчө бир баалуулук сыяктуу. Ар бир үй-бүлөдө бала болушу керек деген түшүнүк талашсыз чындык катары кабыл алынат.
Өзү да кичинесинен эле бир күнү эне боло турганына ишенчү. Бирок бул ой ага кубаныч тартуулачу эмес. Тескерисинче, качандыр бир күнү балалуу болом деген ойдун өзү коркунучту жаратып турчу.
Мунун бир нече себеби болгон. Эң негизгиси өзгөрүүлөрдөн коркуу эле. Амина жашоосундагы кескин өзгөрүүлөргө көнүү ага оор тийерин айтат. Ал эми баланын төрөлүшү адамдын жашоосун түп-тамырынан бери өзгөртөрү анык болгондуктан, бул жагдай аны өзгөчө тынчсыздандырчу.
Мындан тышкары, ал эч качан балдарга өзгөчө жакындык сезген эмес. Үй-бүлөдөгү эң кичүү бала болгондуктан, наристелер менен көп аралашкан эмес жана башка аялдар көп айткан балага болгон өзгөчө мээримди түшүнө берчү эмес.
Амина жаныбарларды абдан жакшы көрөрүн, бирок балдарга карата эч кандай өзгөчө сезими болбогонун айтат. Ал балдарды жактырчу эмес деп айтууга болбойт, жөн гана аларга кайдыгер мамиле кылчу.
Дагы бир маанилүү себеп катары ал ата-энеликтин өтө чоң жоопкерчилик экенин белгилейт. Анын пикиринде, адам балалуу болууну аң-сезимдүү чечиши керек. Ал үчүн каржылык, психологиялык жана физикалык жактан даяр болуу зарыл. Ошондой эле педиатрия жана психология боюнча жок дегенде базалык билимге ээ болуп, балага зыян келтирбестен аны ден соолугу чың жана психологиялык жактан туруктуу инсан кылып тарбиялоого аракеттенүү керек.
Жолдошу экөө балалуу болуу маселесин атайын отуруп талкуулашкан эмес. Амина бул учурду болушунча жылдырууга аракет кылган. Окуу, жумуш жана башка иштер алардын никедеги алгачкы алты жыл ичинде бул темага кайрылбай жашоосуна мүмкүндүк берген.
Ошол эле учурда ата-энеси жаштар качан балалуу болот деп дайыма сурап турушчу. Амина мындай суроолор аны аябай кыжырдантканын мойнуна алат.
Анын айтымында, тажик коомунда балдар тууралуу суроо берүү дээрлик милдеттүү баарлашуунун бөлүгү болуп калган. Айрымдар түз эле эмне үчүн бала жок деп сурашат. Башкалары болсо балалуу болууну каалабаган адам болушу мүмкүн деген ойду элестете албагандыктан, адамды аяп да коюшат.
Ал мындай суроолор балалуу болбогон бардык аялдарга бирдей оор тийет деп эсептейт. Себеби кандай болбосун, мындай темага кийлигишүү адамды ыңгайсыз абалга калтырат.
Амина өзүнүн энеликке болгон көз карашы бир күнү капысынан өзгөрүп кеткен эмес экенин айтат. Ал эч качан күтүүсүздөн оюн өзгөртүп, абдан балалуу болгусу келип кеткен эмес. Кош бойлуу болгондо да ал муну чындап каалайбы, даярбы же бул жоопкерчиликти көтөрө алабы деген суроолорго толук жооп таба элек болчу. Ошентсе да кош бойлуулукту сактап калууну чечкен. Анткени убакыт өтүп жаткан, туугандарынын басымы күчөгөн. Жаш курагы, ден соолугу тууралуу сөздөр көбөйгөндүктөн, мындан ары кийинкиге калтырууга мүмкүн эмес деп ойлогон. Ошентип, көп ойлор жана ишенимсиздик менен бул кадамга барган.
Азыр анын кызы чоңоюп келе жатат. Амина кызын абдан жакшы көрөрүн айтат. Бирок экинчи балалуу болууга, сыягы, барбай турганын белгилейт.
Анын ишениминде, эне болуу тууралуу чечимди эң биринчи кезекте аял өзү кабыл алышы керек. Анткени кош бойлуулук, төрөт жана андан кийинки бала тарбиялоого байланышкан негизги физикалык жана эмоционалдык жүк аялдын мойнуна түшөт. Ошондуктан акыркы сөз ар дайым аялга таандык болушу керек. Балалуу болобу же болбойбу, бул маселени коом эмес, аял өзү чечүүгө укуктуу.
"Исламга каршы келет"
Акыркы мезгилде чайлдфри темасы мусулмандардын дин өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн кийин коомчулукта дагы көбүрөөк талкуулана баштады. Тактап айтканда, Казакстандын муфтияты атайын фатва чыгарып, чайлдфри идеологиясы исламдык баалуулуктарга каршы келерин билдирген.
Фатвада чайлдфри идеологиясы азыркы учурдагы эң актуалдуу социалдык жана маданий көйгөйлөрдүн бири экени белгиленет. Ошол эле учурда муфтият чайлдфри көз карашын карманган адамдар, адатта, балдарды жек көрүшпөй турганын белгилейт. Ата-эне болуудан баш тартуунун себептери катары бала тарбиялоого байланышкан жоопкерчиликтен качуу, жеке эркиндикти сактап калуу жана кесиптик өнүгүүгө көңүл буруу аракети, ошондой эле «менин денем – менин укугум» деген принцип көрсөтүлгөн.
Дин өкүлдөрүнүн көз карашында, балалуу болуу укугу жубайлардын экөөнө тең таандык. Ошондуктан, эгер жубайлардын бири балалуу болууну кааласа, экинчиси буга тоскоолдук кылбашы керек. Фатвада айтылгандай, кош бойлуулукту кийинкиге пландоо жүйөлүү себептер болгон учурда гана мүмкүн. Мисалы, ден соолукту калыбына келтирүү же кош бойлуулукка даярдануу үчүн убакыт керек болсо, мындай чечим кабыл алууга болот. Ошондой эле документте балалуу болуудан аң-сезимдүү түрдө баш тартуу үй-бүлө институтун алсыратары жана улуттун келечегине терс таасирин тийгизери белгиленет.
Коомдук тенденцияларды изилдеген казакстандык социолог Камила Ковязинанын пикиринде, мындай билдирүүлөр коомдук талкууларды күчөтүшү мүмкүн. Бирок ал буга чейин өз позициясын так аныктап алган адамдардын чечимине олуттуу таасир эте албайт деп эсептейт.
Анын пикиринде, мындай курал көбүнчө динчил адамдарга таасир этет. Бирок дал ушул катмарда чайлдфри көз карашын колдогондор башынан эле көп эмес. Ал эми жеке себептерден улам аң-сезимдүү түрдө балалуу болууну каалабаган адамдар үчүн сырттан айтылган баалар жана сын-пикирлер принципиалдуу мааниге ээ эмес деп эсептейт эксперт.
Ошол эле учурда Ковязина мындай билдирүүлөр энеликтен баш тарткан аялдарга карата коомдун мамилесине кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн экенин да жокко чыгарбайт.
Казакстандын муфтиятына окшош көз карашты Тажикстандын Ислам борбору да карманат. Бул өлкөдө калктын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөт. Ислам борборунун фатва башкармалыгынын жетекчиси Жамолиддин Хомушов "Азаттык Азияга" берген маегинде ханафий мазхабына ылайык, бала төрөө никенин негизги максаттарынын бири экенин айткан. Анын сөзүнө караганда, шариятта жүйөлүү себептерсиз балалуу болуудан толук жана өз ыктыяры менен баш тартуу исламдагы үй-бүлө түшүнүгүнө туура келбейт.
Хомушов ошондой эле исламда тукумду улоо, урпак калтыруу жана мусулмандардын санын көбөйтүү никенин негизги максаттарынын бири катары караларын белгиледи. Ошондуктан анын айтымында, эч кандай жүйөлүү себепсиз балалуу болуудан аң-сезимдүү жана биротоло баш тартуу туура эмес.
Чайлдфри үй-бүлөгө чыккынчылыкпы?
Тажикстандык психолог Фируза Мирзоеванын айтымында, балалуу болууну аң-сезимдүү түрдө каалабаган аялдарга карата коомдогу сын-пикир элдик маданияттын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Мындай чөйрөдө аялдын ролу салттуу түрдө үй-бүлө жана бала төрөө менен тыгыз байланыштырылат.
Анын айтымында, мындай көрүнүш бир гана Тажикстан коомуна эмес, жалпы жамааттык жашоо образы үстөмдүк кылган коомдорго мүнөздүү. Андай коомдордо адамдын үй-бүлөгө, урууга же кланга таандык болушуна өзгөчө маани берилет.
Мындай баалуулуктар системасында адам биринчи кезекте өз алдынча инсан катары эмес, чоң үй-бүлөнүн бир бөлүгү катары кабыл алынат. Ошондуктан эне болуудан баш тарткан аял коом күткөн кадимки жүрүм-турум чегинен чыгып кеткендей көрүнөт.
"Бизде аялды көбүнчө эне катары кабыл алышат жана бул түшүнүк коомдук символдордо да чагылдырылган. Мисалы, 8-Март, Аялдардын тилектештик күнү, Энелер күнүнө айланып кеткен. Энелик макамы өтө бийик деңгээлге көтөрүлгөн", — дейт Мирзоева.
Мындан тышкары, балалуу болуудан баш тартуу дайыма эле балдарды жактырбагандык менен байланыштуу эмес. Психолог өз тажрыйбасында эрте жашында ашыкча жоопкерчилик жүктөлгөндүктөн, мындай чечимге келген аялдарды көп жолу жолуктурганын айтат.
Анын айтымында, кээде үй-бүлөдөгү улуу кыз болуп, андан кийин беш, алты же жети ини-карындаш төрөлгөн учурлар болот. Мындай учурда кичүүлөрдү карап, тарбиялоо милдети ошол кызга жүктөлөт. Натыйжада мындай кыздар өспүрүм курагында эле иш жүзүндө эненин ролун аткарып калышат. Алар өтө эрте «эне» болуп калгандыктан, бул жоопкерчиликтен чарчап калышат.
Психологдун айтымында, кыздар кичинекей кезинен тартып эле келечекте кандай болушу керектиги тууралуу түшүнүктөрдү угуп чоңоюшат. Үй-бүлө аялдын негизги милдети ийгиликтүү турмушка чыгып, балалуу болуу деген көз карашты калыптандырат.
«Бизде салттуу түрдө эң жакшы тилек катары кызга жакшы турмушка чыгышын, көп балалуу болушун жана бакубат үй-бүлө күтүп турушун айтышат. Ошондуктан коом энеликти жашоодогу мүмкүн болгон жолдордун бири катары эмес, жалгыз туура жол катары кабыл алып калган», — дейт ал.
Эксперттер дагы бир жагдайга көңүл бурушат: эмне үчүн азыр баласыз жашоону тандоо барган сайын көбүрөөк байкала баштады?
Казакстандык социолог Камила Ковязинанын айтымында, балалуу болуудан аң-сезимдүү түрдө баш тарткан адамдардын көбөйүшү Борбор Азияга гана тиешелүү көрүнүш эмес. Бул дүйнө жүзүндө болуп жаткан кеңири социалдык өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү.
"Чайлдфри көз карашын карманган адамдардын пайда болушу жана өсүшү акыркы бир нече он жылдыкта дүйнөнүн бардык аймактарында байкалып жаткан жалпы тенденция", — дейт ал.
Анын айтымында, бул процесске бир нече фактор таасир этүүдө. Алардын эң негизгилеринин бири — аялдардын коомдогу ордунун өзгөрүшү.
"Эң оболу аялдардын эркиндикке жана тең укуктуулукка жетиши маанилүү роль ойнойт. Билим алууга, карьера курууга жана киреше табууга мүмкүнчүлүктөр кеңейди. Бул экономикалык гана эмес, маданий жана баалуулук жагынан да чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Азыр аял мурдагыга салыштырмалуу жашоодо көп түрдүү ролдорду тандай алат", — деп түшүндүрөт социолог.
Ковязинанын айтымында, мурда аялдын жашоо жолу негизинен үй-бүлө аркылуу аныкталса, бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр кыйла көбөйдү.
«Азыр аял каалаган тармакта, каалаган өлкөдө иштей алат, өзүн калыптандыра алат. Ал күйөөсү менен же күйөөсүз жашай алат, балалуу болушу мүмкүн, бир же көп баланы тарбиялашы мүмкүн же таптакыр баласыз жашоону тандай алат", — дейт маектеш.
Социолог дагы бир маанилүү фактор катары ата-энеликке болгон мамиленин өзгөрүшүн белгилейт. Азыркы ата-энелер өздөрүнө мурдагы муундарга салыштырмалуу алда канча жогору талаптарды коюшат. Анын айтымында, мурда баланы курсагын тойгузуп, кийим-кече менен камсыз кылуу жетиштүү деп эсептелсе, азыр ата-энелер анын келечеги үчүн мүмкүн болушунча эң жакшы шарттарды түзүүгө аракеттенишет.
"Мурда баланын ток болушу жана кийинип жүрүшү жетиштүү болсо, азыр ата-энелер анын келечекте ийгиликке жетиши үчүн эң жакшы баштапкы мүмкүнчүлүктөрдү берүүнү көздөшөт. Бул сапаттуу билим берүү, психикалык саламаттыкты колдоо, кошумча көндүмдөрдү өнүктүрүү жана өз жолун эркин тандоого шарт түзүү дегенди билдирет", — дейт ал.
Мындай чоң жоопкерчиликти аңдап түшүнүү көп учурда күмөн саноого шарт түзөт.
«Азыркы дүйнөдө баланы тарбиялоо үчүн канчалык көп күч-аракет, убакыт жана каражат керек экенин түшүнгөндө, анын келечегин, анын ичинде жогорку окуу жайына тапшыра турган учурду да ойлогондо, адамды эрксизден коркунуч басат», — дейт ал.
Ошондуктан көптөгөн жаштар ата-эне болууну чечүүдөн мурун ага моралдык жактан гана эмес, материалдык жактан да даярданууга аракет кылышат. Бирок муну ишке ашыруу барган сайын татаалдашып баратат.
«Азыр жаштардын өздөрүнүн эле кирешеси чектелүү болуп, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгү азайып жатат. Бул дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө байкалган жалпы тенденция. Мындай жагдайлар балалуу болуу чечимин дагы да кийинкиге жылдырат», — дейт социолог.
Ковязинанын пикиринде, айрым адамдардын аң-сезимдүү түрдө балалуу болуудан баш тартышынын башка себептери да бар.
«Көптөгөн чайлдфри адамдар дүйнөдөгү белгисиздик өтө күчөп кеткендиктен, балалуу болууну каалашпайт. Бул жерде сөз экономика тууралуу гана болуп жаткан жок, глобалдык кризистер жөнүндө да болуп жатат. Экологиялык кырсыктар, климаттын өзгөрүшү, согуштардан улам кээ бир адамдар мындай дүйнөгө бала алып келгиси келбейт», — дейт Ковязина.