Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

Алтын кендер кимдин арабасында?


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстандагы ири алтын кендердин ичинен Кумтөр гана туруктуу иштеп жатат. Кумтөр кенине кыргыз тараптан көзөмөл жүргүзгөн “Кыргызалтын” өкмөттүн колунан Максим Бакиев башында турган Борбордук агенттике жыл соңунда өткөрүлүп алынды. Ал эми Жер-Үй, Талдык-Булак жана башка кендердин абалы кандай?


"Центерра голд инкке" Кыргызстандан кимдер кирди?

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Центерра голд инк” компаниясынын 30-декабрдагы маалымдоосуна караганда, өткөн жылы жетишилген келишимге ылайык, "Камеко" корпорациясы “Кыргызалтынга” 25 млн. 300 миң даана акцияны өткөрүп берди. Андан сырткары “Центерра голд инк” компаниясынын 11 кишиден турган директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмазбек Жакыпов бошотулуп, анын ордуна Кыргызстан атынан Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын орун басары Алексей Елисеев жана Украина жараны Юрий Косвин дайындалды. Косвин тууралуу берилген маалыматта ал Киевде турары жана бизнесмен экени айтылган.

Ал эми Интернет булактарында Юрий Косвин деген инсандын Украина олигархы Вадим Рабинович жана Казакстан олигархы Александр Машкевичке жакындыгы тууралуу маалымат бар. Бул маалыматты азырынча башка булактардан тактоо мүмкүн болбой турат. Анткени “Кыргызалтын” ишканасы 11-январга чейин эс алууда жүрөт.
Кыргыз элин сүйгөн, биздин кишилер болсо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт эле.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев “Центерра голд инктин” директорлор кенешине Кыргызстан
атынан кирген кишилер Кыргызстан кызыкчылыгын коргооруна шегин билдирди:

- Анткени эки эле киши. Алар коргой албайт. Андан сырткары биздин кишилер эмес. Кыргыз элин сүйгөн биздин кишилер болсо, анда коргойт эле. Анан эми Украинанын бир кишиси болсо, ал эмнени жактайт? Биздин кишилерден болсо максатка ылайыктуу болмок. Бизден болсо булар коркот. Ошон үчүн Косвин деп Украинанын кишисин табышкан турбайбы.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев “Центерра голд инктеги” дайындоолор боюнча мындай пикирин ачыктады:

- Бул жерде мындай да, саясат деп эле бирдемени урдура берген болбойт. Аны көрүш керек. Бөлөк өлкөнүн жараны болуп туруп, анын биздин өлкөгө карата милдеттенмеси бар экенин байкаш керек. Анткени эл аралык уюмдардын шарттары боюнча, кандай болбосун, ким болбосун өзүнүн келишими боюнча жалдаган тарапты коргоого милдеттүү деген шарттар турат.

"Камеко" кетип жатат
"Камеко" корпорациясы акцияларын сатып, алтын бизнесинен чыгып кетүүдө.

“Центерра голд инк” компаниясынын "Камеко" ээлик кылган акциялары Кыргызстанга өткөн жылы Игорь Чудиновдун өкмөтү учурунда жетишилген келишим боюнча берилүүдө. Ал келишим 30-апрелде парламентте ратификацияланып, 2-майда президент тарабынан кол коюлган.

Ал эми "Камеко" корпорациясы “Центерра голд инктеги” акцияларын толук сатып, алтын бизнесинен четтеп кетүүдө.

Азыркы мезгилде “Центерра голд инктин” бир акциясынын баасы Канаданын Торонто биржасында 11 Канада долларына бааланууда.

Өткөн жылдын соңунда болсо Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик “Кыргызалтынды” жана “Манас” аба майданын өз колуна өткөрүп алган. Ошондуктан “Центерра голд инк” компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлөр Кыргызстан тараптан ушул агенттик тарабынан дайындалган.

Кыргызстанда Кумтөрдөн башка бир нече ири алтын кендери бар. Бирок алар көп жылдардан бери ар түрдүү чырларга кабылып, иштетилбей турат. Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кенин казак инвесторлору акчасынын жоктугуна байланыштуу иштете албай жатат. Ал эми Жер-Үй алтын кени Борбордук агенттике алынып, ал аркылуу Кумтөргө кошулушу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG