Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:10

Элмирбек акын элин таштап кетти

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору.

“Айтыш” коомдук фондусунда көптөгөн жаш акындардын устаты. Кыргыз улуттук филармониясында, Чүй облустук драма театрында эмгектенген. Төкмөлүк акындан сырткары Манас, дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Ал ырчы, обончу катары "Аруузатым", "Булбулум", "Жалгыздыктан тажап бүттүм", "Коштошуу вальсы", "Мунарым", "Балкыма" сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан.

XS
SM
MD
LG