Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Элмирбек кыргызга түшкөн Кут эле...


Элмирбек кыргызга түшкөн Кут эле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:25 0:00

Элмирбек Иманалиев төрт жашында эле тамга таанып, мектепте окуп жүргөндө ыр жазып, комуз чертип, төкмөлүк өнөргө кызыккан. 6-класста окуп жүргөн кезинде Нооруз майрамында колуна комуз алып, калың элдин алдына чыккан. Бул өнөрү төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, жаш талантты шакирт катары өзү издеп барып, борборго чакырган. Төкмө акын, манасчы, обончу, ырчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылындагы Чоңко кыштагында туулган. Тасмада ушул жылдын 20-апрелинде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин өмүр баяны, чыгармачылык жолу тууралуу кеп кылабыз.

XS
SM
MD
LG