Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:17

Эң бактылуу адамдар кайда жашайт?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Эл аралык маалымат каражаттары өткөн жылга сереп салган материалдарды басып чыгарышты.

Борбор Азиядагы шайлоолор

The Diplomat 2021-жылы Борбор Азияда болгон орчундуу окуяларга токтолуп, учкай талдап чыкты. Кэтрин Пуц бир жыл мурун божомолдору менен бөлүшкөнүн эске салып, ошондо аймактагы үч өлкө – Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы шайлоолорго басым жасаганын жазды.

Журналист Казакстан менен Кыргызстандагы добуш берүүнүн эпкини көпкө сезилерин болжолдогон. Бирок “Нур Отан” партиясы "мыйзам чыгаруу органындагы позициясын бекемдейт" деген божомолу жаңылыш болуп чыкты. Башкаруудагы партия көпчүлүктү сактап калганы менен, сегиз мандаттан ажырады.

Кыргызстанда Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңип чыкканын, референдум өткөрүү демилгеси ишке ашканын жазган Пуц сөз болгон эки өлкөдө нааразылык акциялар болушу ыктымал деп боолгологонун, бирок андай божомол ишке ашпаганын айтат.

Андан ары Өзбекстандагы шайлоо тууралуу сөз кылган автор, президент Шавкат Мирзиеевдин алгачкы беш жылдык мөөнөтүндө экономикалык маселелер жана эл аралык мамилелер чөйрөсүндө реформалар таң калыштуу алгылыктуу жүргөнүн, бирок "саясий өзгөрүүлөр чабал" деп жазганын эске салат. Шайлоого токтолуп, жаңы партияларга катталуу мүмкүнчүлүгү берилбегенин, көз карандысыз талапкерлер жарышка катыша албаганын жазды.

Автор 2021-жылы сөз эркиндиги жаатында чөлкөмдө чоң өзгөрүүлөр болбогонун белгиледи. Мисал катары Өзбекстанда бир нече журналист жана блогер кармалганын, айрымдары паракорлуктун бетин ачкан материалдарды жазышканын, башкалары ЛГБТ укуктары өңдүү прогрессивдүү маселелерди чагылдырышканын белгилеген.

Кэтрин Пуц андан тышкары кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал өңдүү айрым окуяларды алдын ала болжолдоо мүмкүн болбогонун баяндаган. Журналист ал кандуу окуяларды жер титирөөгө салыштырган.

“Жер кыртышы стабилдүү эместигин билип туруп, бирок жер качан силкинерин так айта албайсың”, – деп жазган.

Лукашенко - эң коррупциялашкан лидер"

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP) "Жылдын адамы" деп беларус жетекчиси Александр Лукашенкону атады. Уюм “Европанын акыркы ырайымсыз диктатору кылмыштуу аракеттерди жана паракорлукту сүрөөнгө алып келген” деп эсептейт. Мындай наамга 1 миң 167 киши көргөзүлүп, аларды алты журналист жана изилдөөчүдөн турган комиссия караган. Номинациянын 10 жылдык тарыхында биринчи жолу жеңүүчү бир добуштан аталды. Финалисттер арасында Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани, Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад, Түркия башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Австриянын мурдагы канцлери Себастьян Курц бар.

Беларусь-Польша чек арасы. Ноябрь, 2021-жыл
Беларусь-Польша чек арасы. Ноябрь, 2021-жыл

OCCRP Лукашенконун ысымы Беларуста мамлекеттик казынадагы акчанын президенттин үй-бүлөсүнө жакын олиграхтардын колуна өтүү, бардык эл аралык нормаларды бузуу менен диссидентти кармоо үчүн Ryanair авикомпаниясынын учагын күч менен кондуруу, Евробиримдик менен чек арада миграциялык кризис түзүү, COVID-19 илдети тууралуу жалган маалымат жана жасалма дары-дармек таратуу окуяларына байланыштуу аталганын белгилейт.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, Жорж Мейсон университетинин кызматкери Луиз Шеллинин айтымында, “ансыз да аянычтeу абалдагы адамдарды Беларуска алдап алып келип, алардын тагдыры менен саясий оюн ойногон Лукашенко болуп көрбөгөндөй ырайымсыздыкка, цинизмге барды”.

"Бул үчүн беларус лидери “өз мамлекетинин криминалдык жана коррупциялашкан түйүндөрүн пайдаланган”, - деп кошумчалады Шелли.

Буга чейин ар кайсы жылдары OCCRP "Жылдын адамы" деп Бразилиянын лидери Жаир Болсонарону, орус президенти Владимир Путинди, азери президенти Илхам Алиевди, румын парламентин, Danske Bank - Даниянын ири банкын атаган.

Эң бактылуу адамдар кайда жашайт?

28-декабрда Gallup International социологиялык компания 2021-жылдын жыйынтыктоочу изилдөөсүн жарыялады. Ага ылайык, дүйнө жүзүндө 2020-жылга караганда жалпы оптимисттик маанай төмөндөгөн. Сурамжылоого 44 өлкөдөгү 41 миң киши катышкан. Респонденттерге “2022-жыл кандай болот деп күтөсүңөр?” деген суроону узатышкан. Суралгандардын 38% алдыңкы жылга караганда жакшыраак болот деп эсептешет, 28% начарырвак болот деп күтөт, 27% “ошондой эле болот” деген жообун узаткан.

Изилдөөгө ылайык, өздөрүн бактылуу деп Колумбия, Казакстан, Албания жана Азербайжандын тургундары сезишет.

"Адатта Латын Америка, Африка жана Чыгыш Азия бактылуулук индексинде алдыңкы саптарга жайгашат, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Орусияда жашагандар пессимист болушат, - деп белгилешет авторлор.

Орусиялык респонденттердин 41% өздөрүн бактылуу деп атаган, 23% жашоосуна канааттанбайт экен.

Эң пессимист деген беш өлкөнүн катарына Түркия, Болгария, Ооганстан, Польша жана Чехия кирген.

Ал эми Индонезия, Албания, Азербайжан, Нигерия жана Мексикада эң көп оптимисттер жашайт экен.

Бул жолу изилдөөдө Кыргызстан тууралуу маалымат чыккан жок. Бирок 2021-жылдын мартында жарык көргөн баяндамада кыргызстандыктар эң бактылуулардын сап башында болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG