Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Фон дер Ляйен: Пандемиядан кийин Евробиримдикке «Маршалл планы» керек


Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен. 2-апрель, 2020-жыл. Брюссель.
Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен. 2-апрель, 2020-жыл. Брюссель.

Европа комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн шаркетке жаңы «Маршалл планы» керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал "Welt am Sonntag" басылмасындагы автордук колонкасына жазды.

«Келечектеги апааттын алдын алуу үчүн азыр миллиарддаган евро инвестициялаш керек”,-деп жазды фон дер Ляйен. Ал ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюуга салынган чоң финансы каражаттары «муундарды байланыштырып», Евробиримдиктин ынтымагын бекемдейт деген ишеничте экенин билдирди.

Еврокомиссиянын башчысы 2021-2027 жылдарга шаркеттин бюджетин карап чыгуу зарыл болгонун белгиледи.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жорж Маршаллдын атынан аталган "Маршалл планына" ылайык, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европа мамлекеттерине АКШнын жардам көрсөтүүсү каралган. Советтик блокко кирген өлкөлөр бул планды четке кагышкан. Ал эми Батыш Европа мамлекеттери, анын ичинде Батыш Германия кабыл алган. Ал жардам менен согуштан кийин экономика калыбына келтирилген.

Евробиримдик мамлекеттеринде коронавирус жугузуп алгандардын саны 600 миңден ашты. 40 миңден ашууну көз жумду. Шаркет коронавирустан баарынан көп жабыркаган Италия сыяктуу мамлекеттерге убагында жардам көрсөтүүнү координациялай албаганы үчүн сынга алынып жатат.

XS
SM
MD
LG