Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Күлүктөн күлүк чыкса...


Европа чемпионатында С тобунан чейрек финалга Испания менен Италия чыкты.

Украинанын көзүр оюнчусу Шевченконун Англияга каршы ойноору арсар. УЕФА хорват күйөрмандарынын расисттик жоруктары үчүн бул өлкөнүн футбол федерациясын катуу жазалашы ыктымал.

С тобунда хорваттар Европа чемпиондору - испандардын шайын оодарып, аз жерден чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн каңтарып коё жаздашты. Алар Испаниянын дирижерлору Иньеста менен Хавинин артынан калбай, прессинг жасап, алардын бири-бирине тынбай топ узатуу тактикасын бузуп коюшту. Эгер хорваттар гол киргизгенде испандар да чемпионат менен кош айтышмак. Таймаштын соңку минуттарында гана Европа чемпиондору гол киргизип, топ башына чыгышты. Евро-12де эң начар ойногон Ирландияны 2:0 менен уткан Италия 2-орунду ээледи.

УЕФАнын президенти Мишель Платини Хорватиянын күйөрмандарынын жүрүм-турумуна катуу нааразы болууда. 14-июнда Италия менен Хорватия ойногон болчу. Ошондо италиялык кара өңдүү Балотелли топ алган сайын хорваттар отурган трибунадан маймылдын үнүнө окшогон үндөр жаңырып, бир жолу болсо аны көздөй банан ыргытышкан.

Мына ошондон кийин УЕФАнын тартип көзөмөлдөө комитети Хорват футбол федерациясына иш ачты, бүгүн атайын комиссия аны териштирип, корутундусун чыгарат. Азыр дүйнөдө расизмге каршы күрөш күч алганын эске алсак, Хорватиянын курамасы катаал жазага кириптер болушу да толук ыктымал.

Бүгүн Д тобунда Англия – Украина, Франция - Швеция беттешет. Азырынча англичандар менен француздардын 4төн упайы, Украинанын 3 упайы бар. Айтмакчы, Украинанын таянган чабуулчусу Андрей Шевченконун тизеси ооруп жатканы айтылууда, анын бүгүнкү таймашка чыгаары арсар экен. Эмне болсо да, бүгүн чейрек финалчылар толук аныкталат. Андан кийин ар бир команда бир гана жеңиш үчүн гана ат салышат. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG