Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Эми жеңиштен башка жол жок


Д тобунан чейрек финалга Англия менен Франция чыкты. Украинанын атактуу футболчусу Андрей Шевченко чоң футболдон кетээрин жар салды, УЕФА Хорватияга 80 миң евро айыппул салды.

Украинанын Донецк шаарында майдан ээлери дээрлик баштан аяк футбол мекенинен келген командага үстөмдүк кылышты. Алтурсун украин Девич тепкен топ дарбаза чийининен өтүп кеткендей болду, бирок калыс аны байкабай калды деп адистер жазып жатышат. Таймаштын экинчи жарымы башталганда украиндер коргонуу чебинде ката кетирип алып, ушул турдан тарта оюнга чыккан Уэйн Руни жаза кетирбей, гол киргизди.

Англичандардын күйөрмандары командасын жана устаты Ходжсонду аёосуз сындап жатышат. Анткени кыйла тажрыйбалуу жана чебер саналган англичандар жигерсиз оюн көргөзүштү. Ал эми украин футболчуларын он миңдеген сүрөөнчүсү шатырата кол чаап узатты. Анткени алар Европа футболунун деңгээлине чыгып калды деп эсептешет. Ушул күнү 35 жаштагы Шевченко чоң футболдон кетээрин билдирип, күйөрмандарына ыраазылыгын жолдоду.

Экинчи таймашта француздар Швецияга 0:2 менен утулуп калды. Ошентип, буга чейин эки оюнда катары менен жеңилген шведдердин бир аз да болсо көңүлү жай Скандинавияга кайтты.

Футбол билермандары бул чемпионатта көзгө бөтөнчө урунуп, аттын кашкасындай чыккан оюнчу боло элек деп жазышты. Бул күнгө карата немис Марио Гомес, орус Алан Дзагоев жана хорват Марио Манджукич 3 гол менен алдыда келатат. Бирок хорваттар менен орустар чемпионаттан чыгып кетишпедиби. Эми жаңы ысымдар пайда болот деп күтүп калышты. Ар кандай сурамжылоолор боюнча Испания, Италия жана Германия чемпиондукка негизги талапкерлер катары аталууда.

Кечээ УЕФАнын тартип көзөмөлдөө комиссиясы хорват күйөрмандарынын жоруктары боюнча чечимин чыгарып, бул өлкөнүн футбол федерациясына 80 миң евро айыппул салды. Чынында бул чечимди хорваттар кубануу менен кабыл алды. Эмне дегенде жаза мындан кыйла катаал болушу мүмкүн эле. 14-июнда италиялык кара өңдүү Балотеллиге карата расисттик ишарааты үчүн УЕФА иш козгогон болчу. Ал эми бейбаш жоруктары үчүн орусиялык эки күйөрман азыр Варшава түрмөсүндө отурат.

Эми чейрек финалдык оюндарды күтүп калдык. 21-июнда Чехия – Португалия, 22-июнда Германия – Грекия, 23-июнда Испания – Франция, 24-июнда Англия – Италия таймашына күбө болобуз. Футболго ынак бололу!
XS
SM
MD
LG