Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Роналду күүсүнө кирди


Чехтерди уткан Португалия жарым финалга кадам таштады. Гректер немистерге каршы жанын аябай турганын айтууда. Көпчүлүк адистер финалда Испания менен Германия кез келишет деп жатышат.

Португалия – Чехия матчын адистер бир оюнчунун шоусу деп сыпатташты. Албетте сөз Роналду тууралуу жүрүп жатат. Ал эки жолу дарбазанын устунуна тийгенден кийин акыры гол киргизип, таймаш бүтөрүнө он мүнөттөй калган кезде түмөн сан күйөрмандарын кубанычка бөлөдү.

Чехия командасы тетирисинче өз күйөрмандарынын башын шылкыйтты десек болот. Кеп утулганында эмес, абдан жигерсиз оюн көргөзгөнүндө болду окшойт. Таймаш соңунда гана утулуп жатканын эстей калышкансып, атаандаштарынын дарбазасын көздөй жапырт чабуулга жөнөштү, бирок майнап чыгара алышпады.

Ошентип Португалия Испания – Франция беттешүүсүнүн жеңгени менен 27-июнда жарым финалда беттешмекчи.


Роналду чехтерди ыйлатты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00


Бүгүн Гданьскиде өтө турган Германия – Грекия таймашында адистер немистердин жеңишинен шек санабай турушат окшойт. Европалык спорт басылмалары немистер эмитен эле финалга камданып жатат деп жазышты. Анын үстүнө гректердин лидери Гиоргос Карагунис эки эскертүү алгандыктан, мелдешке чыкпайт, бул гректер үчүн чоң жоготуу, анткени Карагунис майданда баарын сүрөп, кыймылдаткычтын милдетин аткарчу эле.

Гректер чеберчилиги жагынан, албетте Германия машинасына теңдеше албайт. Эми алар болгон күч-кудуретин салып, жанын аябай салгылашабыз деп турушат. Мисалы, 2004-жылы Грекия эч кандай жылдызы жок эле ортосаар оюп көргөзүп, бирок жеңиш дегенде жанын таштап жатып, Европа чемпиону болгонун спорт ышкыбоздору унута элек болсо керек.

Азыр Германия командасы чынында эле кынтыгы жок куралган немис машинасындай болуп турат. Буга чейин Европа биринчиликтеринде Германия менен Грекия сегиз ирет беттешип, беш жолу немистер утуп, үч жолу тең чыгышкан. Кыязы, жарым финалдан тарта гана немис машинасы катуу сыноого туш болчудай.

Бүгүн түнү Германия – Грекия таймашында дагы бир жарым финалчы аныкталат. Эртең Украинанын Донецк калаасында Испания –Франция, бүрсүгүнү Киевде болсо Англия – Италия бетме-бет чыгат. Кызыктын баары алдыда. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG