Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Кызылдар алтынга бир кадам калды


Украина -- Испан фтуболчулары финалга чыкты. Донецк, 27-июнь.
Украина -- Испан фтуболчулары финалга чыкты. Донецк, 27-июнь.

Евро-2012де биринчи финалист дайын болду. Пенальтиден коңшусу Португалияны 4:2 менен уткан испандар эми Германия – Италия беттешинин жеңүүчүсү менен алтын медалды талашмакчы. Немистер Италиянын үч футболчусун ойнотпой койсок эле утабыз деп билдиришти. Голландиянын устаты Марвейк кызматын тапшырды.

Биринчи жарым финалдан кийин Испания быйыл да Европа чемпиону болот деп бекем ишенгендер арсар ойдо калды көрүнөт. Эгер 90-минутада Роналду жаза кетирбей гол киргизгенде Испанияга баш байгени алдын ала сайгандардын тилеги таш капмак.

Чынын айтканда кошумча убакытта гана Европанын азыркы чемпиондору артыкчылык кылбаса, калган 90 минутта португалдар атагы таш жарган каршылашынан чеберчилиги жагынан кем калышкан жок. Албетте, жарым финалга чейин Португалиянын курамасы эки күн ашыгыраак эс алганын белгилей кетели.

Донецкинин стадионунда бош орундар арбын болду, ал эми жергиликтүү күйөрмандар португал футболчуларын сүрөп жатышты. Чынында топту бири-бирине тынбай узатуу аркылуу каршылаштарынын айласын алты кетирген испандарды Роналдунун шериктери токтоосуз кысымга алып, өздөрүнүн шаштысын алды десек болот.

Ошондуктан Испаниянын чеберлери да көп жаза кетирип жатышты. Негизи топту токтотпой ары-бери узата берүү тактикасы мурдагыдай жемишин бербей да, көрөрманга ыракат тартуулай албай баратканы жарым финалда даана байкалгандай болду.

Бирок Роналдунун бир-эки чабуулун эске албаганда Португалия командасы да Касильяска гол киргизгидей учур деле түзө албады. Кошумча таймда Испания футболчулары, кыязы пенальти деген лотерея экенин сезишти белем, жабыла чабуулга өттү. Бирок Иниеста менен Педро португалдардын дарбазасына чукул жерден жаза тээп алышты.

Адатта кимдин нерви бекем, ким сабырдуу болсо – ошол жак пенальтиде жеңип кетмейи бар. Бул өңүттөн алганда эки команда тең психологиялык жактан кыйла эле бекем болуп чыкты. Мисалы, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Реалдын” атынан “Челсиге” пенальтиден гол киргизе албай калган Серхио Рамос бул сапар абдан токтоолук кылып, португал дарбазачысын кантип алдай тепкенине күбө болдук. Ошол эле чечүүчү голдун ээси Фабрегас тепкен топ дарбаза устунуна тийип анан кирбедиби, кирбей да калышы толук ыктымал эле.

Кыскасы испандар Дүйнө жана Европа биринчиликтеринде катары менен үчүнчү ирет финалга чыккан бирден бир команда катары тарыхка кирди. 2008-жылы Европа, 2010-жылы дүйнө чемпиону болгонун эске сала кетели.
Бүгүн Польша башкалаасы Варшавада Германия – Италия таймашы өтөт. Букмекерлер көбүнчө немистерге сайып жатышат. Германия устаты Йоахим Лөв Италиянын Кассано, Балотелли жана Пирло аттуу чеберлерин кармап койсок эле жеңишке жетебиз деп билдирди.

Кыязы немистер бүт майдан боюнча тынымсыз кысым жасоо тактикасын колдонот көрүнөт. Бирок тарых көргөзгөндөй, Италия ортосаар оюнчулардан турганда да финалга жетип, алтын байгени олжолоп кеткенин билебиз.
Финалдык таймаш Украина борбору Киевде өтмөкчү. Футболго ынак болуңуздар!
XS
SM
MD
LG