Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

"Чыныгы Украина" жана ага чындап күйгөндөр


Роман Харченко, анын сүйлөшкөн кызы Юлия жана мышыгы Руди сизди Черниговдо тосуп алганга даяр
Роман Харченко, анын сүйлөшкөн кызы Юлия жана мышыгы Руди сизди Черниговдо тосуп алганга даяр

“Евро 2012” футбол чемпионатына саналуу күндөр калды. Аны быйыл өткөрүп жаткан эки мамлекет – Украина менен Польшанын – ичинен биринчисинин абройуна соңку кездердеги катарма-катар жагымсыз окуялардан улам доо кеткенсиди. Бирок жүздөгөн катардагы жарандар чемпионат күндөрү чет өлкөлүктөргө “чыныгы Украинаны” көрсөтөбүз деп убада кылышууда.

Түрмөдөгү экс-премьер Юлия Тимошенконун абалын айтасыңбы, баасы асман тепкен мейманканаларбы, расисттер менен байланышкан окуябы, айтор, мунун ар бири Украинанын чемпионатты өткөрө турган өлкө катары дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы терс образына жаңы сүртүм кошкондой болду.

Ошол эле маалда жүздөгөн катардагы жарандар – алардын ичинде ондогон кичинекей шаарчалардын тургундары – бул мелдеш күндөрү чет өлкөлүктөргө “чыныгы Украинаны” көрсөтөбүз деп убада кылышууда.

Роман Харченко Киевден автобус менен 1,5 саатта жете турган жерде жашайт. Бирок бул аралык чемпионатка келчү туристтерди ал жашаган Чернигов шаарчасына да саякаттап келгенге чочутпайт го деп үмүттөнөт. Харченко жашаган бул шаарчада чемпионаттын алкагында беттешүүлөр болбойт. Футбол таймаштары Киевде, Харьков, Донецк жана Львовдо гана өтмөкчү.

"Мелдештер болбогон шаарларды туристтер эң акыркылардын катарында тандашса керек. Ошентсе да 1300 жылдык тарыхы бар биздин эски шаарыбыз Чернигов кимдир бирөөнү кызыктырат го деп турабыз, - деди ал бизге. - Килейген имараттары көп, ызы-чуусу токтобогон Киевге караганда, биздин шаар жапжашыл бактарга толгон, тынч. Бул жерде жашоо да жай жүрүп жаткандай туюлат".

28 жаштагы Харченко өзү дизайнер. Ал азыр - Украинадагы “Евро 2012” футбол чемпионатынын күндөрү чет өлкөлүктөргө бекер жатакана берүүнү пландаштырып жаткан жүздөгөн демилгечилердин бири.

“Rooms4Free” деп аталган интернет сайтында башкалар менен катар Харченконун да жарнамасы илинип турат. Бул адамдар чет өлкөлүк туристтерге жеке гид, котормочу өңдүү кызматтарды сунушташууда. Максат – соңку кездери Украина жөнүндө толгон-токой айтылган жаман сөз, ойлордун негизсиз экенин көрсөтүү, өлкөнүн имиджин сактап калуу.

Негизи бул өңдүү программа азыр футбол мелдештери өтө турган шаарларда иштөөдө. Ошол эле маалда ага өлкөнүн ар кайсыл бурчтарындагы майда шаарчалардын да активдүү мүчөлөрү кошулуп, чет өлкөлүктөргө украин меймандостугун көрсөтүүнү каалашаарын айтып жатышат.

Чыгашасы аз, кирешеси көп аракет

Днепропетровск шаарынын жашоочусу Лариса Козыная 43 жашта. Ал да бул программага кошулган. “Донецк менен Харьковдогу оюндардын ортосунда мага эки башка туристтердин тобу келе турган болушту”, - дейт ал. Бизге сүйлөп жатып, Лариса конокторду тосконго анын үй-бүлөсү толугу менен даяр экенин айтты.

Лариса Козыная өзүнүн Днепропетровскдогу бакчасы конокторго жагат го үмүттөнөт
Лариса Козыная өзүнүн Днепропетровскдогу бакчасы конокторго жагат го үмүттөнөт
"Биринчиден, биз адамдарга ачыкпыз, жаңы кишилер менен таанышкыбыз келет, ачык үй-бүлөбүз. Экинчиден, бизге ушундай күтүүсүз кызыктуу окуялардын болуп турганы да жагат, - дейт Лариса. - Мен азырынча иштебейм, демек конокторду да тосконго даярмын. Англисче аз-маз сүйлөйм, бирок эптеп бири-бирибизди түшүнөбүз го эми..."

Франциялык футбол күйөрманы Изабел Корвалхо-Гонцалвес жана анын португалиялык күйөөсү Хосе Украинага эки апталык сапары учурунда дал ошол жогоруда сүйлөгөн Козынаянын үйүндө коноктой турган болушуптур. Негизи алар Украинада мелдештер өтө турган бүт төрт шаардын баарына барышат, беш башка украин үй-бүлөсүндө коноктошот. Баарын баягы сайттан табышкан.

Корвалхо-Гонцалвес мейманканалардагы баанын өтө жогорулап кеткенинен, Юлия Тимошенконун камалганына байланыштуу Евробиримдиктин көп аттуу-баштуу адамдары чемпионатка бойкот жарыялашканынан улам анын канчалаган достору “Евро 2012ге” барбай калышканын айтат. Бирок мунун баары алардын өздөрүн бул сапардан токтото алган эмес.

"Еврого футбол көргөнү жөнөгөндө адам, чынында, саясат жөнүндө деле ойлонбойсуң. Биз оюндарды көрүп, жергиликтүү эл менен сүйлөшкүбүз келет. Кээ бир адамдар менен алдын ала сүйлөшүп койдук, алар бизди тосуп алаарына аябай сүйүнүп жатышканын айтышты", - деп өзү да кубанганын жашырбады франциялык Изабел.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG