Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Европа Балкан аркылуу агылган бозгундарды тосууну көздөөдө


Бүгүн Брюсселде Евробиримдик өлкөлөрү менен Түркия лидерлери мигранттар маселеси боюнча чукул саммитке чогулду.

Анда Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгө салуу жолдору изделүүдө. Греция-Македония чегинде топтолуп турган миңдеген качкындар бул жыйындан оң жыйынтык чыгып, чек ара ачылышын чыдамсыздык менен күтүп отурат.

Кайдасың, Меркель эне?..

- Мен мобул турган чек ара эшиги ачылышынан башка эч нерсе каалабайм. Меркель ушул эшикти ачышын каалайм. Меркель эне, кайдасың, Меркель эне... Сен кайдасың да, мен кайдамын? Эшикти ачкылачы, - деп зар какшайт Грециянын Македония менен чектешкен жериндеги Идомени кыштагында турган Дауд аттуу сириялык качкын.

Азыр бул жерде Даудга окшоп арып-ачып, чек ара ачылышын акыйа күтүп турган качкындар миңдеп саналат. Ага Евробиримдикке мүчө эмес Македония менен Балкан аймагындагы башка мамлекеттер бозгун-мигранттар үчүн чек арасын жаап коюшу себеп болду. Мындан улам Грецияга кирип, андан бери өтө албай калган качкындар 30 миңден ашып кетти. Түркиядан Грецияга болсо күнүнө эки миңдей качкын кирүүдө.

Сириялык Мухаммад аттуу дагы бир качкын чек ара ачыларынан үмүт кылып турушканын айтат:

- Мен бийликтер бул проблеманы чечип, биз Германияны көздөй жылабыз деген ниеттемин. Германия болбосо да, Европага. Бизге ысык суу керек, абалыбызды көрүп турасыңар. 16 күндөн бери чайына элекпиз, үй-бүлөм да ошондой, жуунганга шарт жок.

Мухаммад Брюсселдеги бүгүнкү жыйында маселе оң жагына чечилерине зор үмүт артып турганын, согуш оту алоолоп күйүп турган мекенине кайра кайтууга жол жоктугун кошумчалады.

Түркия ЕБ менен кызматташууга даяр

Брюсселдеги бүгүнкү жыйында болсо Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери Түркиядан качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты кайтарып алууну суранары күтүлүүдө. Былтыр ноябрда Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен эле. Түркияда качкындардын жашоо-шартын камсыздоо үчүн Брюссель Анкарага 3,3 миллиард доллар бөлгөн.

Брюсселдин эсебинде, Түркия бул макулдашууну аткаруу жагынан айрым бир жылыштарды жасады, бирок ага карабай мигранттардын Түркиядан Грецияны көздөгөн агымы азайбай жатат.

Евробиримдикке алты айдан бери төрагалык кылып жаткан Нидерланды премьер-министри Марк Рютте Евробиримдик менен Анкара мигранттар маселесинде тил табат деген ишенимде.

Бул жыйын алдында Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск Батыш Балкан аркылуу өтчү мигранттардын негизги жолу жабыларын айткан эле. “Биз былтыр 880 миң, быйылкы эки айда эле 128 миң адам өткөн бул жолду жабабыз”, - деп чечкиндүү түрдө белгиледи Дональд Туск саммиттин катышуучуларына жолдогон салам-дубай кайрылуусунда.

Бүгүнкү саммитте качкындар топтолуп калган Грециянын премьери Алексис Ципрас маселе чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты:

- Бул жыйында Евробиримдик менен Түркия буга чейинки планды ишке ашыруу боюнча маанилүү жыйынтыкка келерин жана адам аткезчилеринин түйүнүн талкалоо менен качкындар агымын кескин азайтууну чыдамсыздык менен күтөм. Ошондой эле качкындарды жайгаштырууну тездетишибиз абзел.

Түрк премьер-министри Ахмет Давутоглу болсо Түркия Евробиримдик менен кызматташууга даярдыгын билдирип, муну менен өлкөсү уюмга кирүүгө да белендигин кыйыта кетти:

- Түркия Евробиримдик менен кызматташууга жана уюмга мүчө болууга да даяр. Бул саммит мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуга эле эмес, Түркиянын Евробиримдикке киришин тездетүүгө да таасирин тийгизет жана бул биздин алака-катыштагы бурулуш учур болот деген ниеттемин.

Былтыр Евробиримдикке деңиз аркылуу миллиондон ашуун мигрант өткөн. Негизинен Сирия, Ирак жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан бул бозгундар Түркиядан кайык менен Грецияга өтүп, андан бери жол улаган. Түркиядан деңиз аркылуу чыккан качкындардын 400дөн ашууну ажал тапкан же дайынсыз жоголгон. Быйыл жыл башынан азырга чейин Түркия жээктеринде кайык оодарылышынан 25 качкын өмүр менен кош айтышты.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG