Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:05

"Евровидениени" адам укугун бузгандар каржылайбы?


Лорин (солдо) түрмөдөгү беларус активисти Алес Беляцкийдин жубайы Наталья Пинчук менен жолугушууда, 13-июль, 2012
Лорин (солдо) түрмөдөгү беларус активисти Алес Беляцкийдин жубайы Наталья Пинчук менен жолугушууда, 13-июль, 2012

18-майда өтө турган “Евровидение” ыр сынагынын бул жолку демөөрчүсү - TeliaSonera - постсоветтик аймакта адам укуктарынын бузулушу менен байланышта экени айтылган.

Былтыр Азербайжанда “Евровидение” өткөндө аны “Эйфория” деген ыры менен утуп алган швециялык ырчы Лорин постсоветтик аймактагы адам укуктарынын оор абалын ачык айтканы менен көпчүлүктү суктандырып, таң калтырган эле.

Лорин сынакты өткөргөн расмий Бакуга "бул жерде адам укуктары күн сайын тебеленет”-деп, нааразылыгын билдиргени эстен кете элек. Ал эле эмес, Беларустагы түрмөдө жаткан активист Александр Беляцкийдин үй-бүлөсүнө күн сайын опузалоо, кысмактоо улантылып жатканы үчүн президент Александр Лукашенкону да сындаган.

"Ушундай сонун, үлгүлүү үй-бүлө туура баалуулуктар үчүн күрөшкөнүнүн айынан чачырап, уулу бир жерде, энеси такыр башка жерде, атасы түрмөдө калганга мажбур болуп жатканы чындап менин жүрөгүмдү оорутат", - деген эле Лорин.

Ырчысы адам укуктары үчүн күрөшкөн активист деп таанылган Швеция эми “Евровидениени” өткөргөнү жатканда “мынакей, өлкө эми бул сынакты адам укуктарын урматтоо чакырыгына арнайт го” деген ой болгон.

Бирок Швеция азыр өзү адам укуктарын канчалык ыйык көрөт деген суроо көп айтыла баштады. Анткени "Евровидениени” бул өлкөдө өткөрүүгө негизги спонсор катары талаштуу TeliaSonera компаниясы тартылган.

Азыр мобилдик байланыш жаатында иштеген бул компаниянын үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткан чак. Анткени аны убагында өзбек уюлдук мейкиндигинде иштөөгө лицензия алыш үчүн ал жактагы саясий режимге жүз миллиондогон доллар пара берген деп айыпташууда.

Бул эле эмес, TeliaSonera Азербайжанда, Беларуста, Грузияда, Казакстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда өкмөттөргө айрым адамдардын чөнтөк телефондорун тыңшаганга толук укук берип койгон деп күнөөлөнгөн. Өкмөттөр тараптан алынган ал маалымат кийин тигил же бул адамдарды опузалап, саясий оппоненттерди жазалоого да колдонулганы айтылат.

Жоаким Дыфвермак – иликтөөлөрү менен таанылган швециялык тележурналист. Анын Uppdrag Granskning (же “Иликтөө Миссиясы” ) деген программасы өлкөнүн SVT коомдук телеканалынан көрсөтүлөт жана анда TeliaSonera ишканасынын мурдагы СССРдин аймагындагы аракеттери кеңири иликтенген.

Анын ишениминде, Швеция менен Финляндиянын биргелешкен бул компаниясы постсоветтик рынокко кириш үчүн “өтө ыплас келишимдерге” барган.

"Алар адам укуктарына каршы кылмышка барарын билип турса да, тобокелчиликке макул болушту. Маселен, Өзбекстанда режимге пара бергенден кийин гана иштегенге лицензия алды, андан сырткары, өзүнүн кардарларынын телефондорун жашыруун кызматтар күнү-түнү тыңшап турушуна толук укук берген. Алар ушундай диктатордук режимдер менен келишимдерге барышты", - дейт журналист Дыфвермак.

“Евровидениени” өткөрүп келаткан Европанын телерадио биримдиги “ТелиаСонерага” быйылкы сынакка демөөрчүлүк укукту берип жатып, аталган компания 2007-жылы Хельсинкидеги сынакты уюштурууда “эң мыкты кызматташтыкты” көрсөтө алганын белгилеген.

Европанын телерадио биримдигинин медиа директору Анника Ниберг “эркиндик өңдүү баалуулуктар биздин конкурска катышкан 56 мамлекетте сакталышына биз өзгөчө маани беребиз” деди. Ал муну менен катар TeliaSonera компаниясы өзүнө каршы айтылып жаткан сындарга туура жооп бере алат го" деп кошумчалады.

"Биз адам укугун коргоочу уюм эмеспиз. Биз медиа компаниялардын биримдигин түзгөн ишканабыз, - дейт ал. - Бирок бизде да бекем карманган баалуулуктарыбыз бар. Ошондуктан демөөрчүлөрдү тандаганда кылдат карап, өзүбүздүн баалуулуктарды тең бөлүшкөн, жакшы иштешкендерди гана алганга аракет кылабыз".

“Евровидение” өзүнүн жалтырак поп салты менен кеңири таанылган сынак катары саясаттан алыс болуп келген. Бирок акыркы жылдары катарына постсоветтик аймактан да өлкөлөрдү кошкондон бери адам укуктары менен байланышкан сөздөр көп айтыла баштаган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG